بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Суроо-жооп
Судандагы куралдуу кармаштар жана анын саясий күрөштөргө таасири
Суроо: “Скай Ньюз арабийя” сайты АКШ 2023-жылы 23-апрелде өз дипломаттарын эвакуация кылганын ачыктады: «Жекшемби күнү эрте менен АКШ президенти Жо Байден бир нече күндөн бери айыгышкан согушка сахна болуп жаткан Судандан америкалык дипломаттардын эвакуация кылынганын маалымдады. Байден өз билдирүүсүндө «Америкалык аскерийлер бүгүн (жекшемби күнү) менин буйругум менен АКШ өкмөтүнүн кызматкерлерии Хартумдан алып чыгуу операциясын аткарышты», – деди». “Aрабий 21” сайты 2023-жылы 23-апрелде мындай кабар таратты: «Америкалык дипломаттардын эвакуация кылынганы жөнүндө Судан аскерийлери эч кандай түшүндүрмө беришпеди. Бирок, алар мурунку билдирүүлөрүндө Кошмо Штаттар, Британия, Франция жана Кытай өз дипломаттарын жана жарандарын Хартумдан эвакуация кылмакчы экенин айтып, эвакуация «тезинен башталышы күтүлүп жатканын» кошумчалашкан».
Бул эвакуация Суданда болуп жаткан согуштун созуларын түшүндүрөбү? Өзгөчө, Бурхан да, Хамидатий да Американын малайлары экенин эсепке алсак, бул согушту кантип түшүндүрүү мүмкүн? Же алардын бири Британия жана Европага ыктап калдыбы, ошондуктан согуш болуп жатабы? Бул согуш кандай чечим менен бүтөт? Ыраазылык билдиремин.
Жооп: жооп ачык-айкын болушу үчүн конституциялык декларациядан жана ага каршы аскерий төңкөрүштөн кийинки окуяларды карап чыгабыз:
Биринчи: конституциялык декларациянын этабы:
- «Конституциялык декларация» аскерий кеңештен турган Американын малайлары жана жарандык жактардан турган Британия жана Европанын малайларына өкүм өткөргөн. 2020-жылы 3-октябрда түзүлгөн Жуба келишиминен соң 2019-жылы 17-августта эки тарап кол койгон бул декларациянын убакыты өзгөртүлдү. Т.а. өткөөл доор 51 айга узартылып, башкаруу жарандык тарапка 2021-жылы ноябрда өтө турган болду… Конституциялык декларацияда көптөгөн күч борборлору аскерий тараптан жарандык тарапка өткөрүлүшү белгиленгендиктен, бул нерсе Бурхан менен Хамидатийге жакпады. Ушул себептен улам, жарандык тарап ушул борборлорду ээлешине эки айдай калганда мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети аныкталганы жарыяланды. Мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети ким тараптан жасалды – дабаланып кайтканына 5 күн болбогон армиянын адамы Бакровий тарабынан жасалды. «Судан коргоо министри генерал-лейтенант Ясин Иброхим төңкөрүш жасоо аракетине бөгөт коюлганын, төңкөрүшкө генерал-майор Абдулбакий Бакровий жетекчилик кылганын, аны менен 22 түрдүү наамдагы офицерлер, унтер-офицерлер жана аскерлер катышканын маалым кылды». (“Би-Би-Си”, 2021-жыл, 21-сентябрь.).
- Ушул төңкөрүш жасоо аракетин дыкат үйрөнүп чыксак, ал жасалма болгонуна күбө болобуз: Себеби «бул төңкөрүш жасоо аракетинин жетекчиси Бахрул Жабал операциясында Бурхан менен, Дарфурдун батышында Шамсиддин Каббаший менен бирге кызмат кылган». (“Арабий 21”, 2021-жыл, 22-сентябрь.). Алар Судан армиясынын жана суверендүү кеңештин жогору наамдагы командачылары. Башкача айтканда, Бакровий аскерий командачылыктагы жогору наамдагы Америка малайларына абдан жакын жана ишеничтүү адам. Ошондуктан, төңкөрүш жасоо аракети чындык эмес. Т.а. төңкөрүш суверендүү кеңештин жетекчилиги жарандык тарапка өтүшүнөн мурун башкарууну тартиптештирүү максатында Бакровий менен аскерий жетекчиликтин келишими негизинде болгон. Мунун артынан «маалымат каражаттарында аскерий төңкөрүш ишке ашырылып жатканы жөнүндө сөздөр тараган, Судан армиясы дүйшөмбү күнү премьер-министр Абдуллах Хамдук менен бирге өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрүн, көптөгөн расмийлер жана журналисттерди камакка алды». (“Ал-Жазира”, 2021-жыл, 25-октябрь). Камакка алынган Хамдук жетекчилиги тарабынан жарыяланган билдирүүдө мындай делет: «Болуп өткөн окуялар конституциялык декларацияны жок кылуу жана козголоңдун ийгиликтерине каршы жасалган төңкөрүш болуп эсептелет». (“Ал-Жазира”, 2021-жыл, 25-октябрь).
- Мындан көрүнүп тургандай, демек, “Азаттык жана өзгөрүү” күчтөрүнөн турган жарандык тарап менен Аскерий кеңештин ортосунда 2019-жылы түзүлгөн келишим тузак болгон. Бул тузак суверендүү кеңештин төрагалыгын оболу аскерийлерге, андан кийин жарандык тарапка берүүнү камтыган тузак болуп, аны Аскерий кеңеш анын артында турган Америка менен биргеликте койгон. Ошондуктан, “Азаттык жана өзгөрүү” күчтөрү – суверендүү кеңештин төрагалыгын т.а. Судандагы башкарууну 21 айдан кийин өз колубузга алабыз деп алданышкан. Эгер, чынында эле бул нерсе ишке ашканда, анда Британия жана Европанын өлкөдөгү малайлары АКШнын Судандагы таасирине коркунуч туудура турган таризде армия жетекчилигинде жана аны каржылоо иштеринде кеңири көлөмдүү өзгөрүүлөрдү жасашмак. Бул болсо, Америка уруксат бербеген нерсе.
Андан соң, адамдар арасында – төңкөрүш маселеси түндө Бурхан менен Хамидатий ортосунда конституциялык декларацияны жок кылуу максатында уюштурулган деген сөздөр тарады… Андан кийин адамдар – айрымдары калыс ниетте, айрымдары жарандык тараптын үндөөсү менен – көчөлөргө чыгышты жана башталган нааразылык демонстрациялары күндөп, жада калса айлап уланды…
Экинчи: алкактуу келишимдин этабы:
Мурунку төңкөрүш маселеси ачыкка чыгып, нааразылык демонстрациялар көчөлөргө жайылгандан кийин жарандык тарапты тузакка түшүрүүнүн экинчи этабы башталды. Т.а. аскерий жана жарандык тарап ортосунда сүйлөшүүлөр башталып, 2022-жылы 5-декабрда алкактуу келишимге кол коюлду. Биз 2022-жылы 11-декабрдагы суроо-жоопто бул жөнүндө мындай дегенбиз: «… Келишимдин экинчи бөлүгү ушуларды өз ичине алат: «Өткөөл доордун ыйгарым укугу толук жарандык бийликке өткөрүлөт… Мамлекетте президент ырасымдык вазыйпаларды аткарат… Аткаруучу бийликке жарандык тараптан чыккан премьер-министр төрагалык кылат»… Келишимде дагы айтылышынча: «Армия саясаттан жана экономикалык, соода, инвестиция иш-аракеттеринен четтетилет. Ыкчам колдоо күчтөрү жана куралдуу кыймылдар интеграция жана демобилизация комиссиясы тарабынан келишилген тартипке ылайык жана коопсуздук, аскерий реформалар планы алкагында армиянын курамына киргизилет…». Келишим 2023-жылы 6-апрелде акыркы кол коюуну, 2023-жылы 11-апрелде жарандык өкмөттү түзүүнү талап кылган. Бирок, окуялар мындайча түс алды:
- Ошол күнү 2023-жылы 6-апрелде т.а. өткөөл доордун конституциясы кол коюлушу керек болгон жана өткөөл өкмөттүн түзүлүшүнө беш күн калганда АКШ мамлекеттик катчысынын Африка иштери боюнча жардамчысы Молли Хамидатий жана Судандагы саясий жараяндын басма сөз катчысы Халидумар Юсуф менен телефондо сүйлөшкөн: «Молли суверендүү кеңештин төрагасынын эки орун басары т.а. Ыкчам колдоо күчтөрүнүн командачысы Хамидатий жана саясий жараяндын басма сөз катчысы Халидумар Юсуф менен телефон аркылуу сүйлөштү. Андан бир нече күн мурун суверендүү кеңештин төрагасы жана армия командачысы Бурхан менен да телефон аркылуу сүйлөшкөн». (“Судан Трибюн”, 2023-жыл, 6-апрель).
- “Arabicpost” веб-сайты 2023-жылы 19-апрелде “Нью-Йорк Таймс” гезитинин ошол күндөгү кабарынан цитата келтирип ушул жылдын 15-апрелинде жүз берген кагылышуунун алгачкы сааттары жөнүндө эң маанилүү маалыматтарды берди: «14-апрель күнү кечкурун Бурхан менен Хамидатийдин ортосунда чет элдик өкүлдөрдүн катышуусунда сүйлөшүүлөр болуп өттү. Жогорку наамдагы аскерий командачылардын биринин үйүндө кечки тамактан мурун өткөрүлгөн бул сүйлөшүүдө убадалар берилди жана жан берүүлөр сунушталды». (“Arabicpost”, 2023-жыл, 19-апрель).
- Андан кийин 2023-жылы 15-апрелде армия менен Ыкчам колдоо күчтөрү ортосунда капыстан айгышкан кагылышуулар башталды. Бул болсо башкарууну Британия малайы болгон жарандык тарапка өткөрүү үмүтүнө каршы кезектеги сокку болду… Ушул таризде, Судандагы америкачыл аскерий тарап менен британиячыл жарандык тарап ортосунда уланып келе жаткан саясий карама-каршылык Бурхан менен Хамидатий ортосундагы согуштук майданга өттү. Биз 2023-жылы 19-мартта жарыяланган суроо-жоопто мындай дегенбиз: «Ушул себептен улам, Хамидатий көзөмөлдөгөн күчтөрдү армияга кошууда аскерий тараптын (Бурхан менен Хамидатий) келише алышпаганы шылтоо кылынып, алкактуу келишимдин аткарылышы кечигиши аскерий тараптын көзөмөлүндө калууда. Бул, шарттар жана кырдаалдар келишимди өзгөртүүгө жана келишимдеги жарандык тараптын ар кандай таасирине бөгөт коюуга жол ачканга чейин созулат. Бурхандын «жакын арада» деген сөзүнүн мааниси ушул. Ал мындай деди: «Мамлекет жарандык башкарууну орнотуу жолунда бара жатат, жакын арада жарандык өкмөт орнотулушу мүмкүн». (“Иттихад”, 2023-жыл, 19-март). Алкактуу келишим аскерий тараптын талаптарына ылайык аткарылат. Мына ошондо келишимдин аткарылышы жакын же алыс болушуна карабастан, Бурхандын «жакын арада» деген сөзү ишке ашат! Эгер, алардын талаптарына ылайык келбесе, алкактуу келишим бекер кылынышы да ыктымал. Бул үчүн мисалы Бурхан менен Хамидатийдин келише албай жаткандыктан Ыкчам колдоо күчтөрүн армияга кошуу кыйын болуп жатат деген нерсени ойлоп табышат т.а. жаңы ыкма менен конституциялык документти бекер кылуу сценарийи кайра кайталанат…». (Цитата бүттү).
- Оппозициячыл саясий күчтөр армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнө кайрылып, аларды өз ара согушту токтотууга чакыра баштады. Акыйкатта болсо, бул оппозициячыл күчтөр армияга жана Ыкчам колдоо күчтөрүнө каршы эле, эми болсо аларды бири-бирине каршы согушту токтотууга чакырып калышты. О.э. алар армияны саясий турмуштан четтетүү жана жарандык өкмөттү орнотуудан турган өздөрүнүн талаптарын да унутушту. «”Азаттык жана өзгөрүү” күчтөрүнүн борбордук кеңеши өз билдирүүсүндө Куралдуу күчтөр жана Ыкчам колдоо күчтөрүнүн командачылыгын туура пикир менен аракет кылууга, аскерий кагылышууларды тезинен токтотуп, сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырды жана чечилбеген проблемаларды чечүүнүн варианты тынчтык жолу экенин баса белгиледи». (“Ал-Жазира”, 2023-жыл, 16-апрель). Ушул таризде оппозиция башкача оппозицияга айланды. Т.а. саясий оппозиция каршылаш күч эмес, армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнөн турган жасалма оппозициячыл күчтөрдү жараштыруучу болуп калды!
- АКШ Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө мындай делет: «Блинкен жабырлангандарга гуманитардык жардамдардын жеткирилишине уруксат берилиши үчүн ок атууну токтотуу зарылдыгын баса белгиледи». (“Скай Ньюз”, 2023-жыл, 18-апрель). Кагылышууну токтотууну эмес, ок атууну токтотууну каалап жаткан Блинкендин бул чакырыгын тараптар дароо кабыл алышты. Армия өткөөл суверендүү кеңештин мүчөсү Шамсиддин Каббаший аркылуу мындай билдирүү берди: «Суверендүү кеңеш шейшемби күнү кечкурундан тартып 24 саатка ок атууну токтотууга макул болду». (“Арабийя”, 2023-жыл, 18-апрель). Америка мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен аркылуу талап кылган сулхка (ок атууну убактылуу токтотуу келишимине) Ыкчам колдоо күчтөрү да макул болду. Анын билдирүүсүндө мындай делет: «АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен мырза менен болуп өткөн сүйлөшүүгө негизделип, катардагы калктын кыймылын жана жарадарлардын эвакуациялоону камсыздоону көздөп, коопсуз жол ачуу үчүн бизди ок атууну токтотууга чакырган дос мамлекеттердин иш-аракеттерине негизделип, 24 саатка ок атууну токтотууга макул экенибизди билдиребиз». (alrakoba.net, 2023-жыл, 18-апрель). Бул – көрүнүш Бурхан менен Хамидатий америкалыктарды ээрчип, алардын буйруктарын дароо аткарып жатышканын тастыктайт. Эгер, америкалыктар согушту бүтүндөй токтотууну олуттуу талап кылышса, экөөсү тең ошол замат ок атууну токтотушат. Бирок, америкалыктар алардан 24 сааттык сулхту талап кылышты. Бул болсо, америкалыктар согушту улантууга уруксат бергенин түшүндүрөт.
- 2023-жылы 19-апрелде өзүнүн ысымын атабаган АКШ мамлекеттик департаментинин кызматкери “Шаркул Авсат”ка мындай билдирүү берди: «АКШ мамлекеттик департаменти Судандагы аскерий жаңжал боюнча жумушчу топ түздү. Бул жумушчу топ Судандагы окуяларга байланыштуу мамлекеттик департаменттин пландоо, башкаруу жана логистика иштерин көзөмөлдөйт… Биздин негизги этибарыбыз тезинен ок атууну токтотууга каратылган». Ал минтип кошумчалады: «Биз Ыкчам колдоо күчтөрү менен Судан Куралдуу күчтөрү 24 сааттык ок атууну токтотууну камсыздашы үчүн басым кылууну улантабыз жана экөөсүн тең бардык күчтөрдүн ок атууну токтотуусун камсыздоого чакырабыз». (“Шаркул Авсат”, 2023-жыл, 19-апрель). Бул эки тарап ортосундагы жаңжалды америкалыктар башкарып жатканын жана алар өз максатына жетишмейинче согушту бүтүндөй токтотмокчу эместиктерин тастыктайт.
- Байден өз билдирүүсүндө: «Америкалык аскерийлер бүгүн (жекшемби күнү) менин буйругум менен АКШ өкмөтүнүн кызматкерлерин Хартумдан алып чыгуу операциясын ишке ашырышты», – деди. О.э. Жибути, Эфиопия жана Саудияга ыраазылык билдирип: «Операциябыздын ийгилиги үчүн маанилүү жардамдарды көрсөтүштү», – деп аларды алкыштады. Судандагы жаңжалдагы тараптардын бири болгон Ыкчам колдоо күчтөрү Кошмо Штаттар менен келишип Хартумдагы АКШ элчилигинен америкалык дипломаттар жана алардын үй-бүлөлөрү эвакуация кылынганын жекшемби күнү маалым кылды. “CNN” «бардык америкалык дипломаттар жана алардын үй-бүлөлөрү Америка аскерий самолётторунда Судандан коопсуз чыгып кетишкенин» билдирди. “CNN” «дипломаттардын кетиши менен АКШнын Хартумдагы элчилиги жабылды» деп кошумчалады… (“Скай Ньюз арабий”, 2023-жыл, 23-апрель). Ошондой эле “Aрабий 21” 2023-жылы 23-апрелде өз сайтында АКШ президенти Жо Байдендин эвакуация жөнүндөгү билдирүүсүн жарыялап, минтип кошумчалады: «Америкалык дипломаттардын эвакуация кылынганы жөнүндө Судан аскерийлери эч кандай түшүндүрмө бербеди. Бирок, алар мурунку билдирүүдө Кошмо Штаттар, Британия, Франция жана Кытай өз дипломаттарын жана жарандарын Хартумдан эвакуация кылмакчы экенин айтып, бул «тезинен башталышы күтүлүп жатканын» кошумчалашкан». Бул нерселер согуштун дагы да күчөшүн көрсөтүүдө…
- Америка 2023-жылы 25-апрелде шейшембиге өткөн түндөн тартып 72 сааттык сулх жарыялады: «Блинкен өз билдирүүсүндө: «Акыркы 48 саат ичинде кызуу алып барылган сүйлөшүүлөрдөн кийин Судан Куралдуу күчтөрү менен Ыкчам колдоо күчтөрү 24-апрель күнү түндө башталып, бүткүл мамлекет бойлоп 72 саатка ок атууну токтотууга келишишти», – деди. Блинкен баса белгилешинче: «Кошмо Штаттар Судан Куралдуу күчтөрү менен Ыкчам колдоо күчтөрүн ушул убакытта ок атууну токтотууну толук аткарууга чакырган». (“Ал-Жазира мубашир”, 2023-жыл, 25-апрель).
Ушул алкактуу келишимдин этабындагы окуяларды карап чыксак, ок атууну токтотууну Aмерика көзөмөлдөп жатканы, окуяларды башкарып, эки малайынын ортосундагы аскерий жаңжалды жалындатып жатканы айкын болот… Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрү ортосунда жүз берген бул кагылышуулар Судандагы саясий күрөштү кескин түрдө жаңы майданга т.а. Британия жана Европа малайларын натыйжалуу башкаруу борборунан четтетүү үчүн Америка тарабынан белгиленген майданга көчүрүүдө. Мына ошондо Америка майдандын бардык тарабын өзү көзөмөлдөйт. Аны набыт болгон жана жаракат алган адамдардын саны да, Судан жана анын аскерий механизми ойрон болушу да таптакыр тынчсыздантайт. Бул нерселер Американын эң акырында оюна келе турган нерселер. Себеби, Америка үчүн эң маанилүүсү – Суданга жалгыз өзү өкүмдарлык кылышы, Британия жана Европанын бул жаатта аны менен жаңжалдашпастыгы.
Үчүнчү: Хамидатийдин Бурханды кулатууга урунушу артында Британия менен Европа турабы деген суроого келсек, андай болушу ыктымалдан алыс. Муну ушул нерселер тастыктап турат:
- Америка региондогу малайлары күрөшүп жаткан тараптар менен ар дайым байланышта болуп келди. Эгер, Америка Хамидатий англистер менен европалыктардын тарабына өтүп алды деп ойлогондо, Судан армиясына мыйзамдуу улуттук аскерий мекеме деген этибарда карап, ошол малайларын Судан армиясын колдоп-кубаттоого үндөмөк. О.э. Ыкчам колдоо күчтөрүн өзүнүн мыйзамдуулук маселесин армия менен карап чыгууга чакырмак т.а. анын мыйзамдуулугун жокко чыгармак. Саудия эки тарап менен байланышып турду. Буга кошумча, бүгүн “Ал-Жазира” телеканалы Мисир тышкы иштер министринин сөздөрүн келтирип, ал Судандагы эки тарап (Бурхан жана Хамидатий) менен байланышта экени туурасында кабар таратты.
- АКШ мамлекеттик катчысы эки тарап менен алакада болуп, аларды ок атууну токтотууга чакырды: «Судан Ыкчам колдоо күчтөрүнүн командачысы Мухаммад Хамадан Даклу Хамидатий Твиттердеги өз баракчасында: «Биз АКШ мамлекеттик катчысы менен бул мыйзамбузууларды чечүү жолдорун талкуулоо үчүн кезектеги сүйлөшүүнү күтүп жатабыз», – деди». (“Ал-Жазира”, 2023-жыл, 18-апрель). «АКШ мамлекеттик катчысы Судан армиясынын командачысы Бурхан жана Ыкчам колдоо күчтөрүнүн командачысы Мухаммад Хамадан Даклу (Хамидатий) менен байланышып, алардан гуманитардык сулх түзүүнү талап кылгандан кийин сулх түзүлдү». (“Ал-Жазира нет”, 2023-жыл, 18-апрель).
- Эгер, Ыкчам колдоо күчтөрү европалыктардын пайдасына төңкөрүш жасап жаткан болсо, “Азаттык жана өзгөрүү” күчтөрү шексиз анын тарабын алмак. Себеби, “Азаттык жана өзгөрүү” күчтөрү армиянын бийликтен кетишин жана жарандык башкаруу орнотулушун күнү-түнү талап кылып келет. Т.а. азыркы кагылышуулар башталгандан мурун да армия жана анын командачысы Бурханга ачык каршылык кылып келген. Ал эми, азыр “Азаттык жана өзгөрүү” күчтөрү ок атууну токтотууга чакырууда. Башкача айтканда, Хамидатий демократиянын үндөөсү себептүү Бурханга каршы күрөшүп жатканы жөнүндөгү сандыракка карабастан, “Азаттык жана өзгөрүү” күчтөрү Хамидатий тарапка өткөн жок. «Судандагы “Азаттык жана өзгөрүү” күчтөрү армия жана Ыкчам колдоо күчтөрүнүн командачыларын аскерий кагылышууларды тезинен токтотуп, сүйлөшүү столуна кайтууга чакырды». (“Шарк” гезити, 2023-жыл, 16-апрель).
Көрүнүп тургандай, бул кагылышуулар Судандагы Европага көз каранды күчтөрдү шок кылды. Алар бир тарапты башка тарапка каршы колдоп жатышканын билдирген жок. Ошентип, Хамидатийдин Британия тарапка өткөндүгү туурасындагы күмөндөр жокко чыкты. Ал Бурхан сыяктуу Америкага малайлык кылууну улантууда.
Төртүнчү: корутунду:
- Бүгүнкү күндө Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрү ортосунда болуп жаткан бул жаңжал да, ок атууну токтотуу да Америка тарабынан башкарылып жаткан кагылышуулар болуп эсептелет. Максат – Судандагы саясий күрөштү кескин түрдө жаңы майданга т.а. Британия жана Европа малайларын натыйжалуу башкаруу борборунан четтетүү үчүн Америка тарабынан белгиленген майданга көчүрүү. Мына ошондо Америка майдандын бардык тарабын өзү көзөмөлдөйт. Американы набыт болгон жана жаракат алган адамдардын саны да, Судан жана анын аскерий механизми ойрон болушу да таптакыр тынчсыздантпайт…
- Америка Судандагы анын таасири Европанын эч кандай каршылыгысыз калышын каалайт. Көп убакыттан бери ошондой болуп келди. Американын Судандагы таасири Умар Башир заманында болжол менен 30 жыл созулду… Ал эми, Башир керек болбой калганда Хамидатий сыяктуу Башир тарабынан даярдалган жана Бурхан сыяктуу алар менен биргеликте иштеген адамдарды алып келди… “Азаттык жана өзгөрүү” күчтөрүндөгү Британиянын адамдары Американын адамдарына каршы аракетке келгенде, Америка алардын келесоолугу себептүү аларды оболу конституциялык декларация, андан кийин алкактуу келишим деген нерселер менен алдады.
- Британия эки адамдын бирин (т.а. Хамидатийди) өзүнө оодуруп алдыбы, ошондуктан аскерий кагылышуу болдубу деген сөзгө келсек, буга далалат кылган эч кандай ишаралар жок. Тескерисинче, бардык ишаралар анын бүтүндөй тескерисин көрсөтүүдө. Анткени, биздин туура деп билген пикирибизге ылайык, жогору баса белгилегенибиздей, Бурхан менен Хамидатий – экөөсү тең Американын итааткөй куралдары.
- Бул кагылышуунун уланышына жана кандай акыбетке алып келишине келсек, жогоруда айтканыбыздай, мындан Британиянын малайларын (“Азаттык жана өзгөрүү” күчтөрү жана башкалардан турган жарандык тарапты) жок кылуу көздөлгөн. Негизи, бул нерсе ишке ашып бүттү же ишке ашуу алдында турат. Бирок, конституциялык декларацияга каршы мурунку төңкөрүш прецеденти жана анын калкка ашкере болушу Америка жана анын малайларын бул жолу кагылышуулардын мөөнөтүн бир азга узартууга мажбур кылууда. Кагылышуулар кескин көрүнүштө эмес, маал-маалы менен болуп турат. Мындан ушул нерселердин бирин жүзөгө чыгаруу көздөлгөн:
а) Эгер, Америка Бурхан менен Хамидатийден турган малайлары ортосунда келишим-жарашууну ишке ашыруу Америка үчүн абзел деп билсе, аны ишке ашырып, европалыктарга көз каранды күчтөр менен түзүлгөн алкактуу келишимди четке ыргытат. Ушундай көрүнүштө европалыктарга көз каранды күчтөр Суданда жаңы абалды орнотуп жаткан Америка малайлары алдында четке чыгышат…
б) Эгер, европачыл күчтөрдү четке чыгаруу мүмкүнчүлүгү болбосо, Америка Судандын түштүгүн Судандан бөлүп алгандай Судандын калган бөлүгүн да бөлүп жиберүүдөн кайра тартпайт. Ал Батыш жана Дарфурду бөлүп, ал жерге Хамидатийди өкүмдар кылып дайындайт. Себеби, Хамидатий – ал жердеги алтын кенин көзөмөлдөп жатканын эсепке алсак – бул регионду көзөмөлдөшүнүн ыктымалы басымдуу.
в) Эгер, европачыл күчтөр манёвр кылуу максатында Американын малайларынын бирине (маселен Хамидатийге) кошулуп сапка тизилсе, Америка бул малайы четке чыгып, башка бир малайына моюн сунууну, экинчи малайынан болсо европачыл күчтөр тарткан сапты бузуу үчүн Судандагы аскерий кескиндикти башкарууну талап кылышы мүмкүн…
Бешинчи: ошентип, бул малайлар өз кожоюндары сыяктуу адамдардын ахвалына жана коопсуздугуна кайгырбастыгы айкын болду. Анткени, алар өз тактыларында олтуруп, кожоюндарынын буйруктарын аткаруудан башка несени ойлошпойт. Мына, адамдар Рамазандын акыркы он күндүгүндө бири-бирин куттуктап, бир-бирин зиярат кылуу үчүн Айт майрамын күтүп турганда бул канкор кылмышкерлер адамдардын коопсуздугун бузушту… О.э. адамдардын канын төгүшүп, чар тарапты талкалашты, адамдарды үйлөрүнө камап, иштерин токтотушту. Алар бул нерселерди Аллах, Расулу жана момундардын душмандарын ыраазы кылуу үчүн жасашты. Ошондуктан, адамдар Америка жана Британия малайларынан турган эки тарапты тең четке кагышып, аларды кулатууга жана Судан перзенттери арасындагы калыс аң-сезимдүү жаштарга т.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети долбоорун көтөрүп чыккан, маъруфка буюруп, мункардан кайтарып жаткан Хизб ут-Тахрир мүчөлөрүнө нусрат-жардам бериши зарыл. Мына ошондо Хизб мүчөлөрү өлкөнү бүткүл малайлардан тазалап, өнүктүрөт, ыдыроосун жана бөлүнүшүн алдын алат. Андан соң Аллах аларга ырайымдуулук көрсөтүп, күч-кубаттуу кылат.
﴿وَالْمُؤْمِنُونَ وَالْمُؤْمِنَاتُ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ يَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَيُقِيمُونَ الصَّلَاةَ وَيُؤْتُونَ الزَّكَاةَ وَيُطِيعُونَ اللهَ وَرَسُولَهُ أُولَئِكَ سَيَرْحَمُهُمُ اللهُ إِنَّ اللهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌ﴾
«Мумин эркек жана муминалар бир-бирине дос. Алар жакшылыкка үндөшөт, жамандыктан токтотушат, намазды толук аткарышат, зекетти беришет. Аллах жана Анын пайгамбарына моюн сунушат. Дал ошолорго Аллах ырайым кылат. Албетте, Аллах кудуреттүү, даанышман» [9:71]
5-шаввал, 1444-м.
25-апрель, 2023-м.