Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бошотулду

2814
0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бошотулду  

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 14-февралда дарылануу үчүн бошотулуп, Испанияга учуп кеткени кабарланды. Атамбаевдин айтымында, бул иште Испаниянын премьер-министри жана Социнтерндин башчысы Педро Санчес ортомчу болуп, президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев тарабынан туура мамиле жасалды. Ал саясатка аралашпай турганын, биринчи ден-соолугун карап, дарыланып бүткөндөн кийин Кыргызстанга сөзсүз кайтып келерин кошумчалады.

         Атамбаевдин абактан чыгышына президент Садыр Жапаров комментарий берип, чечимди кубаттады. Ал: “Мен душманымдын дагы түрмөдө жатышын каалабайм. Кудай, пайгамбарыбыз Мухаммад саллалоху алейхи вассалламга: “Мен дайыма кечиримдүүлөр менен сабырдуулар тараптамын” деп айткан экен. Кечиримдүү болушубуз керек. Биз Кудай жолунда болсок, бардык иштерибиз дайыма алдыга жылат” деп билдирди.

         Белгилүү болгондой, Кыргызстан учурда орточо чечимге негизделген капиталисттик системада жашап жатат. Мындан улам, башкаруучу топ калкты көтөрүп чыга ала турган оппозициялык топтор менен соодалашуу аркылуу өз бийлигин сактап калууда. Маселен, өткөн жылдын 3-февралында жазгы толкундоолордун алдын алуу максатында, оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаев Германияга элчи катары дайындалган. Ал эми, быйылкы нааразылыктардын алдын алуу максатында өлкөдө бир нече төңкөрүштө активдүү рол аткарган Алмазбек Атамбаев абактан бошотулду. Бул окуялар канчалык, ички саясаттын көрүнүшү болсо да, сырткы фактордун да таасири болбой койгон жок.

         Адатта, ар бир шайлоодон кийинки президенттин алгачкы тышкы сапары, анын ошол өлкөнүн таасири астында экенине далалат кылат. Ушул сыяктуу эле, Атамбаевдин Испанияга учуусу, Батыштын тагыраагы, АКШнын Кыргызстандагы саясатка активдүү аралаша баштаганынан кабар берет. Бул болсо саясий окуялар тез-тез өзгөргөн Кыргызстанда бийлик менен АКШ ортосунда кандайдыр убадалар жана келишүүлөр болгонуна далалат кылат. Албетте, турмуш чындыгында Америка баштаган, Орусия коштогон колонизаторлор эч качан өз убадаларына турушкан эмес, аткарышпайт да.

         Эми окуянын экинчи тарабы болгон, Жапаровдун кечиримдүүлүк тууарлуу айтканына келсек, ооба Алла кечиримдүүлөр жана сабырдуулар тарапта. Башкысы, Алла Ислам жана мусулмандар тарапта! А бирок, бүгүнкү күндө Кыргызстан абактарында Алланын динин үстөм кылуу үчүн даават кылган 160дан ашык боордоштор экстремизм менен айыпталып, жабык режимде камалып отурушат. Алар үчүн Жапаров айткан кечиримдүүлүк эмес, акыйкат жана адилеттик маанилүү! Эгерде алар үчүн да орточо чечим негиз болгондо, эчак абактардан азат болушмак. А бирок, бул дааватчылар пайданы эмес, пайгамбарлардын позициясын карманышты. Алар үчүн адам акылынан чыгарылган мыйзамдар менен башкаруунун ордуна Туура жол болгон Исламды башкарууга алып келүү – ал абактарга камоо, куугунтуктоо жана өлүмгө алып келсе да – баарынан маанилүү!

         Демек, Жапаров туура жолдо алдыга жылууну кааласа, өз ишин “экстремизм” жомогу аркылуу камакка алынган мусулмандарды азат кылуудан башташы керек.

Мумтаз Маверранахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here