بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Ал-Ваъй тобу жолугушуу уюштурду
2022-жылы 13-декабрь күнү Ал-Ваъй тобу Абу Дайс-Куддус университетинде «Илманийлик менен либерализм аялдардын намысын жана кадырын кетирет» деп аталган диалог жолугушуусун өткөрдү. Иш-чарада университеттин ар тарабына Набий ﷺдын роялары илинди о.э. студенттерге «Исламда ижтима түзүмү», «Демократия – куфр түзүмү», «Капиталисттик Батыш идеологиясын сындыруу» сыяктуу китептер таратылды.
Топтун мүчөлөрү студенттер менен көптөгөн пикирлер үстүндө диалог алып барышты:
- Аял – бул коргошубуз зарыл болгон эне, эже-карындаш жана кыз.
- Эмнеге товарларды рекламалоодо аялдардан пайдаланышат?!
- Адамдын жана аялдардын бактысыздыгына илманийлик менен демократия себепкер.
- Эмнеге аялдарды коргоо мыйзамы жана CEDAW конвенциясы сыяктуу колонизаторлор колдоп-кубаттаган шектүү мыйзамдарды зордоп киргизишүүдө?!
- Аялдар эле эмес, бүткүл адамзат туш болуп жаткан проблемалардын чечими – Ислам өкүмдөрүн Халифалык мамлекетинде колдонуу.
Роя гезити, №423, 2022-жыл, 28-декабрь.