Шам козголоңуна каршы айла-амалдар уланууда.

825
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Шам козголоңуна каршы айла-амалдар уланууда.

Андан кутулуунун жолу – аң-сезимдүү калыс жетекчиликтин айланасында биригүү

Жергиликтүү булактардын айтымында, Түркия армиясы Сайда, Жадида жана Маълак айылдарындагы объектилерде жана Ракканын түндүгүндөгү «М-4» автомагистралында Сирия Демократиялык Күчтөрүн (күрд күчтөрүн) бомбалаган. О.э. бомбалоолор Хасаканын түндүгүндөгү Кузулия, Талли-Лабан жана Тавила айылдарына чейин жеткен. Өз кезегинде, ишемби күнү Россия тышкы иштер министрлиги ачыктан кабарда «Түркиянын Сириядагы пландалган кургактык операциясы эрте башталган кадам» экени айтылды.

Роя:

Россия Түркиянын кадамдарын оңдоого аракет кылууда. Т.а. Россиянын оюна ылайык, Асад режими менен жарашууга умтулуп жаткан түрк режими шашылбастан кадам шилтеши керек. Ансыз деле, Сирия Демократиялык Күчтөрү пландалгандай басым астында Асад режиминин чеңгелине бара жатат. АКШ тарабынан Түрк режимине жүктөлгөн вазыйпа – Россиянын Сириядагы аракетин тартипке салып, АКШнын кызыкчылыктарына кызмат кыла турган тарапка багыттоо. Шамдагы зөөкүр канкор режимге кайра жан киргизүүнү көздөгөн түрк режиминин миссиясына жардам берип жаткан Россия бул нерсени түшүнүп турат.

Шам козголоңуна каршы саясий айла-амал дагы эле уланууда. Бул нерсеге каршы туруу үчүн Аллах Таала ыраазы боло турган саясий биримдикти тургузуу о.э. Умматыбыз курмандыктарын текке кетүүдөн сактап калуу керек. Ушундай жооп гана согушкер козголоңдун машинасын кайра ишке түшүрөт жана чет элге сатылган саткын жетекчилерди жок кылууну о.э. чынчыл калыс адамдар канкор режимдин борборуна карай жолдорду ачып, козголоңдун ынтызарлык менен күтүлүп жаткан максатына жеткирүүнү кепилдейт.

 Роя гезити, №422, 2022-жыл, 21-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here