Яхудий вужудунун аскери 22 жаштагы мусулманды жырткычтык менен атып өлтүрдү

306
0

Яхудий вужудунун аскери 22 жаштагы мусулманды жырткычтык менен атып өлтүрдү

 Кабар: Күбөлөрдүн айтымында, жума күнү яхудий аскери Батыш Жээктеги Наблус шаарында палестиналык жаш жигитти атып өлтүрдү.

Социалдык тармактарда атышуу көрсөтүлгөн видео жайгаштырылган. Анда палестиналык жигитти камакка алмакчы болгон аскер тартылган. Палестиналык жигит аскерди өзүнөн алыстатканда, аскердин автоматы түшүп кеткен  жана ал тапанчасын алып жакын аралыктан атып жиберген.

Ал жигит Наблустун түштүгүндөгү Осрин айылынын тургуну 22 жаштагы Хамди Мефле экендиги аныкталган.

“WAFA” маалымат агенттигинин кабарына таянсак, ал жердеги израилдик аскерлер жарадар жигитке жардам бермекчи болгон жергиликтүү тургундарга жана тез жардам кызматына тоскоолдук кылышкан.

Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлиги жана “Израил”дин жарандык иштер боюнча башкы башкармалыгы ал жигит оор жараат себептүү каза болгондугун маалымдады.

 Комментарий: Расулуллах соллаллаху алайхи ва саллам: “Жакында жеп тойбос соргоктор табагына жутунганы сыяктуу улуттар силердин үстүңөргө жутунат”, – деди. Ошондо бир киши: “Ал кезде саныбыз аз болгону үчүн ошондой болобу?” – деп сурады. Пайгамбарыбыз с.а.в.: “Силер ал кезде көп болосуңар. Бирок, селдин көбүгү сыяктуу көбүк болосуңар. Аллах душмандарыңардын дилинен коркууну алып коёт, силердин дилиңерге болсо, вахнды салып коёт”, – деди. Ошондо бир киши: “Я Расулуллах вахн эмне?” – деп сурады. Расулуллах с.а.в: “Дүйнөнү жакшы көрүү, өлүмдү жаман көрүү”, – деп жооп берди. (Абу Давуд Савбандан риваят кылган).

 Чындыгында, бүгүнкү күндө жеп тойбос ачкөз капиталисттик түзүмдүн кесепетинен Ислам Үммөтүнүн материалдык байлыктары таланып-тонолуп жаткан болсо, башка тараптан дүйнөнүн бардык жеринде, анын ичинде, Палестинада да мусулмандар куугунтук, кысым жана зулумга дуушар болушуп, өлтүрүлүп жатат. Бул жаатта баскынчы яхудий вужуду чектен чыгып, дээрлик күн сайын, ар жума мусулмандарга каршы кылмыш кылып, алардын үстүнөн каалаган ишти кылышууда. Кечээ күнү социалдык тармактарда тараган дагы бир видеодо бир топ яхудий аскерлеринин 12 жаштагы муслима кызды кармоо жараяны тартылган эле. Анда Аллахтын наалатына дуушар болгон коомдун өкүлдөрү алсыз кызга карата күч колдонуп, ал кызды муунтуп, сүйрөгөнүн көрүүгө болот. Яхудий вужуду жана анын аскерлери кылган кылмыштарына жооп бербешин анык билишкени себептүү ушинтип чектен чыгышууда. Адаттагыдай эле, 1,5 миллиарддан ашуун мусулмандар, алардын куурчак өкмөттөрү, бекерчиликтен казармаларда “чаң басып жаткан” аскерлери көрүүчү болуп туруудан башкага жарашпады.

Палестина маселеси палестиналык мусулмандардын же арабдардын эле маселеси эмес, тескерисинче Ислам маселеси болуп эсептелет. Себеби, ал жерде мусулмандардын биринчи кыбыласы, зыярат үчүн өзүнчө сапар кылып баруу мүмкүн болгон үч мечиттин бири, Расулуллах соллаллаху алайхи ва салламдын Исро мекени болгон ал-Акса мечити жайгашкан болуп, ал жерди азат кылуу дүйнө жүзүндөгү мусулмандарга фарз. Бирок, Палестинаны азат кылуу нааразылык билдирүү, каралап коюу менен ишке ашпайт, тескерисинче мусулмандар армиясын аттандыруу менен ишке ашат. Бул иш Халифалык мамлекетисиз ишке ашпайт. Ушундай болгон соң, биз мусулмандарга коргоочубуз жана калканыбыз болгон Халифалык мамлекетин кайрадан тикелөө жолунда аракет кылуу важиб.

Сахихи Бухарийде Абу Хурайра розияллоху анху риваят кылган хадисте Расулуллах соллаллаху алайхи ва саллам:

“Халифа калкан – анын артында туруп согуш кылынат, аны менен коргонулат”, – деген (Имам Муслим риваяты).

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here