Суроо: Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух!
Кадырлуу шейхибиз, менин суроом «Исламий шахсия» китебинин биринчи бөлүмүндө «Тозокко Аллах кабира күнөөлөрү жана жамандыктары сагира күнөөлөрү жана жакшылыктарынан оор келген мусулмандардан каалаган адамын киргизет» делген сүйлөм туурасында болот. Бул сүйлөмдөгү сагира күнөөлөр сөзүнөн эмне максат көздөлгөн? Ал кичине күнөөлөр деген маанини билдирсе, анда, эмне үчүн жакшылыктар сөзү менен бирге келген? мен Хизб мүчөсү эмесмин, себеби, биздин регионубузда Хизб иш алып барбайт.
Жооп: Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух!
Сагира күнөөлөр жеңил азап белгиленген күнөөлөр, ал эми, кабира күнөөлөр оор азап белгиленген күнөөлөр болуп эсептелет. Мисалы:
Жалган – арам. Бирок, сиз балаңызга – кел, колумда бир нерсе бар, сага беремин, десеңиз, бирок, балаңыз келгенде колуңузда эч нерсе болбосо, жалган сүйлөгөн болосуз жана бул күнөө эсептелет, бирок, анын акыбети жеңил болуп, сагира күнөө болот. Имам Ахмад Абу Хурайра Gдан ушул хадисти риваят кылат, Расулуллах A мындай деген:
«مَنْ قَالَ لِصَبِيٍّ: تَعَالَ هَاكَ، ثُمَّ لَمْ يُعْطِهِ فَهِيَ كَذْبَةٌ»
«Ким балага – кел, муну сага беремин, десе, кийин бербесе, жалган сүйлөптүр».
Ал эми, армия командачысы сизди тоо артындагы душмандан кабар алып келүүгө жөнөтсө, сиз тоо артында душман жок экен, десеңиз, бирок, ошол тоо артында чынында душман бар болсо, сиз жалган сүйлөгөн эсептелесиз жана ал күнөө болот, бул жалгандын акыбети чоң, азим күнөө, оор жаза татыктуу жалган болуп, кабира күнөөлөрдүн бири эсептелет… ж.б.у.с.
Эми, сагира күнөөлөр жакшы амалдар менен бирге айтылганына келсек, бул нерсе экөөсү тең бирдей салмакта экенин түшүндүрбөйт. Бул араб тилиндеги бир ыкма болуп, карама-каршы коюу ыкмасы деп аталат. Т.а. сиз эки түрдүү нерсени айтасыз, экөөсүнүн артында дагы эки түрдүү нерсени айтасыз, натыйжада, үчүнчү түр биринчи түргө карама-каршы, төртүнчү түр болсо экинчи түргө карама-каршы болот. Мисалы, Аллах Субханаху ва Таала мындай дейт:
«Шек-күмөнсүз, биз же силер анык хидаят үстүндө же ачык адашууда» [34:24]
Бу жерде ﴿وَإِنَّا﴾ сөзү ﴿لَعَلَى هُدًى﴾га карама-каршы, ﴿إِيَّاكُمْ﴾ болсо ﴿فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ﴾ сөзүнө карама-каршы. Ошондуктан, ﴿وَإِنَّا أَوْ إِيَّاكُمْ﴾ бир салмакта бирдей экенин о.э. ﴿هُدًى أَوْ فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ﴾ бир салмакта бирдей экенин түшүндүнбөйт. Тескерисинче, жогоруда айтканыбыздай, үчүнчү түр биринчи түргө карама-каршы, төртүнчү түр болсо экинчи түргө карама-каршы болот. Китебибиздеги «رجحت كبائرهم وسيئاتهم على صغائرهم وعلى حسناتهم…» «кабира күнөөлөрү жана жамандыктары сагира күнөөлөрү жана жакшылыктарынан оор келген…» деген сүйлөм да карама-каршы коюу ыкмасына ылайык төмөнкүдөй болот: кабира күнөөлөр сагира күнөөлөрдөн оор келсе жана жамандыктарынан оор келсе, дегенди түшүндүрөт, сагира күнөөлөрү менен жакшылыктары бир таразада бирдей экенин түшүндүрбөйт. Буга таъкид катары (على) деген жар харфы (صغائر) жана (حسنات) алдында өзүнчө кайталанып келгендиги. Алардан максат экөөсү тең өзүнчө түрдөгү нерсе экени ачык болот. Ал жерде атф вавы менен (على صغائرهم وحسناتهم) делбеген, бүдөмүктүк ачыкталып, (على صغائرهم وعلى حسناتهم) делген.
Эми, сиздин «мен Хизб мүчөсү эмесмин, себеби, биздин регионубузда Хизб иш алып барбайт» деген сөзүңүзгө келсек, сиз да биз даъват кылып жаткан жакшлыкты мойнуңузга алууңу жана мында сизге жардам берүүнү каалар элек…
Сөзүмдүн соңунда сизге саламаттык тилеп, жакшылык тилеп дуба кыламын.
Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рошта
22-шаввал, 1435-х.
18-август, 2014-м.