КРЫМ КӨЧӨЛӨРҮНДӨХИЖАБДУУ МУСЛИМАЛАР ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ

369
0

Крым жарым аралындагыСимферополь шаарынынкөчөлөрүндөукук коргоооргандарынын кызматкерлери хижабдуумуслималарды токтотуп документин көрсөтүүнү талап кылып жатышат.

Крымдык муслималардын бири Facebook социалдык тармагында: “Симферополдо хижабдуу кыздардытоктотуп документ сурап жатышат. (Ушунча жылданбери паспортту өзүбүз менен алып жүрбөгөн элек, мына эми жаңы өкмөт келипушуга мажбур болуп жатабыз). АллахтынӨзүбизге жардам берсин”, -деп жазды.

“15 минут” маалымат агенттигинин кабар беришинче, буга окшогонабалдар Симферополь жана Бахчасарай шаарларында күзөтүлгөн. Кабарда укук коргоо органдарынын кызматкерлери муслималардан документин көрсөтүүнү талап кылып жатканда мунун себептерижөнүндө түшүндүрмөбербегендиги айтылат.

Крым мусулмандарынын диний башкармалыгы бул сыяктуу окуялар боюнча эч бир мусулман муфтиятка арызданбагандыгын, бирок, мындай абалдар болуп турушумүмкүн экендигин билдирди.

Крым муфтийининорун басары Айдер Исмаилов укук коргоо органынынкызматкерлеринин бул аракеттерин“кабыл алууга болбой турган абал” деп сыпаттады.

Крым муфтийининорун басары Исмаилов: “Эгердекөӊүлхижабдуу аялдарга гана каратылып, алардын документтеритекшерилип  жаткан болсо,албетте бул кабыл алууга болбой турган абал жана мусулмандардынтуйгуларын акаарат кылуу болуп эсептелет”, – деп баса белгиледи.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here