Жаштар коомдун таянычы
Жаштар ар кандай коомдун таянычы жана куралы болуп эсептелет. Аллах Таала такаатты, бекем убада-шертти, жашоодогу ийгилик нематтарды жаштарга берген. Ошондуктан, ар кандай коомдо өзгөрүү жасоо ишинде жаштарга таянылат. Жаштар терс же оң болсун, активдүүлүгү жана таасирдүүлүгү менен коомдогу катмарлардын эң маанилүүлөрүнүн бири болуп саналат. Маселен, Октябрь революциясында социалисттер студенттердин күчүнө таянган. Англия, Америка жана Франциядагы республикалык революцияларда да жаштардын активдүүлүгү негизги ролду аткарган.
Ал эми Ислам тарыхы жаштардын эрдиги, кайраттуулугу жана өзгөчөлүктөрү менен толуп-ташат. Маселен, Али ибн Абу Талиб он жашында Исламды аклий кабыл алды. Бул чечимди чыгарууда атасы менен кеңешүүнү ойлонсо да өзү чыгарды. Ошондой эле сырды бекем сактап, Мекке сыртынан келген Абу Зар Гифарини жашыруун ээрчитип Алланын Элчисине жолуктурду. Жолугушуу Абу Зардын Исламды кабыл алуусу менен жыйынтыкталды жана анын артынан Гифар уруусу толугу менен Исламга кирди. Ушул жашында Расулулла с.а.в.га арка-бел болуп, мусулмандардын катары калыңдашына болгон салымын кошту.
Хадижа энебиз менен азирети Алиден кийин эле Исламды кабыл алуу шарапатына ээ болгон Зайд ибн Харис р.а.нун уулу Усама ибн Зайд болсо, 18 жашында бүткүл Ислам кошуунун жетектеп Византияга каршы аттанган. Бул кошуундун ичинде Абу Бакр, Умар, Саад ибн Абу Ваккас сындуу абройлуу сахабалар да болушуна карабастан, Алланын элчиси жихад амирлигине Усаманы туура көргөн. Алланын уруксаты менен Усама баштаган кошуун Шам жергесинде Византиялыктардын таш-талканын чыгарып, үлкөн олжолор менен кайтты.
Дагы бир сахаба Зайд ибн Сабит р.а. 13 жашында Пайгамбарыбыз с.а.в.дын катчылык кызматын кылган. 17 күндө сурия жана жөөт (иврит) тилин үйрөнүп, котормочулук кызматты да аркалаган. Ыйык Куранды толук жаттап, аны бир китепке топтоо ишине активдүү катышкан.
Мухаммад фатх болсо 21 жашында Чыгыш Рим империясынын борбору Константинополду фатх кылып, Исламбол шаарына айлантты. Бул иш тууралуу Пайгамбар ﷺ башарат кылып мындай деген: «Константинополь албетте фатх кылынат. Анын амири кандай гана жакшы амир, аны фатх кылган кошуун кандай гана жакшы кошуун». (Хаким риваяты жана Ахмад да өзүнүн «Муснад»ында сахих санад менен риваят кылган).
А бирок, бүгүнкү күндө жогорудагы сахабалардын, чыгаандардын курагындагы жаштар өздөрүн али жетиле элек же жашоодо ордун таба элек коомдун катмары катары сезип жаткандыгы өкүндүрөт. Мындай абалга кептелишибизге бузгунчу капиталисттик пикирлердин ролу чоң. Батыш жаш муундун зээнинен тунук диний пикирлерди, диндин улуу түшүнүктөрүн жана жогорку баалуулуктарын сууруп алууга, ордуна өзүнүн ыплас түшүнүктөрүн жана бузгунчу хазаратын салууга аракет кылууда. Бул пикирлерди жаюуда медиа, фильм, ыр-бийлер, компьютердик оюндар жана социалдык тармактарды негизги курал кылып алды.
Мындай абалдан чыгуу үчүн, биз Ислам динибизди балдарыбызга туура-толук жеткирүү, Исламдагы чыныгы үлгү тута турган адамдарды таанытуу аркылуу тарбия иштерин күчөтүү зарыл. Ошондой эле жаш муун өз динине кайдыгер карабашы керек жана Үммөттү коргоо, анын проблемаларын чечүү үчүн аракет кылышы абзел. Расулуллах с.а.в. айтты: «Беш нерсеге жолугардан мурун беш нерседен пайдаланып кал: карылык келерден мурун жаштыгыңдан пайдалан, оору келерден мурун ден соолугуңдан пайдалан, жакырчылык келерден мурун байлыгыңдан пайдалан, колуң бош болбой калардан мурун бош убактыңдан пайдалан, өлүм келерден мурун өмүрүңдөн пайдалан» (Хаким).
Мухаммад ﷺ дагы мындай деген: «Мен жаштар себептүү нусратка жетиштим».
Демек, бүгүнкү дүйнөдөгү көйгөйлөрдүн, үммөттүн башына түшүп жаткан зулматтардын түпкү чечими Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө болгон соң, биз жаштар бул ишке олуттуу аракет кылып, динибизге нусрат-жардам берели!!! Ушул жол аркылуу бул дүйнөдө азиздик жана күч-кубатка ээ болуп, Акыретте бейиш калкынан, анбиялар, сыддыктар, шейиттер жана салихтер менен бирге болуу шарапатына жетишели! Алар менен бирге болуу кандай гана улуу бакыт!
Мумтаз Маверанахрий