بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Сисий жана анын разведка кызматы Фалестинде яхудийлердин аскерий машинасы аткара албаган ишти аткара алабы?!
Кэмп-Дэвид келишимине кол коюп, ошол учурда Фалестин маселесинин документтеринин 99 пайызы Американын колунда деп ачык айткан Мисир режими бүгүнкү күнгө келип, ушул маселеде Фалестин калкына басым кылуу, аларды Америка тыгыштырып жаткан «эки мамлекет» чечимин кабыл алууга мажбурлоо ролун аткарууда.
Ушул себептен улам, адамдар ушуну жакшы түшүнүп алышы зарыл – Мисир делегациясынын Газа секторуна сапарынан көздөлгөн негизги максат яхудийлердин жырткыч машинасы аткара албаган аткаруу. Муну Мисир өзүнүн «мээримдүү» разведка кызматы аркылуу ишке ашырмакчы. Туткунга алынып, дайынсыз болгон яхудийлерди азат кылуу да Мисирдин жогорудагы аткара турган максаттарына кирет.
Муну менен бирге, Мисирдин бул иш-аракеттеринен Фалестиндеги согушкер топтордун жетекчилерин эл аралык көзөмөл астындагы саясий майданга тартуу көздөлгөн. Максат, Американын «эки мамлекет» чечимин көккө көтөрүп, «ушул улуу максатка чоң курмандыктарды берген топтор гана татыктуу» деген ураандар менен бул «эки мамлекет» чечимин кооздоо… Андан тышкары, Газа элин акыркы күрөштө жетишкен ийгиликтеринен куру калтыруу о.э. Фалестинди толук азат кылуу долбоорун ишке ашырууда бул ийгиликтерден пайдалануусуна жол бербөө көздөлгөн.
Фалестиндеги, өзгөчө, Газа секторундагы калыс адамдар мындай шектүү Мисир делегациясын каршы чыгышы о.э. мусулман кошуундарынан, алардын катарында, Мисир армиясынан тезинен Фалестинди азат кылууну талап кылышы лазым. Фалестин маселесин чечүүнүн жалгыз жолу мына ушул.
Роя гезити, №342, 2021-жыл, 9-июнь.