Пакистанда Навид Баттын зомбулук менен уурдалганын токтотууга чакыруу

292
0

Басма сөз баянаты

Пакистанда Навид Баттын зомбулук менен уурдалганын токтотууга чакыруу

Хизб-ут-Тахрирдин Пакистандагы расмий сүйлөөчүсү, мухандис Навид Батт Пакистандын разведка кызматы (ISI) тарабынан 2012-жылы 11-май күнү уурдалгандан бери тогуз жыл өттү. Бул жөнүндө Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаятынын маалымат бөлүмү эки билдирүү жарыялады:

Биринчиси, 2021-жылы 3-январда ушул темада жарыяланган: «Навид Батты сотко алып келүү жөнүндө 2018-жылы 4-январда токтом чыгарылганына карабастан, 2012-жылы 11-майда уурдалып кеткенден бери кайда экени белгисиз».

Экинчиси, 2021-жылы 2-майда ушул темада жарыяланган: «Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөгө чакырган Навит Батты азат кылуу үчүн мубарек рамазан айындагы чакыруу».

Навид Батт – урматтуу лахордук мусулман. Ал чынчыл жана калыс мусулмандыгы менен таанылган үй-бүлөнүн башчысы, электротехник инженер, өтө сейрек учураган саясий стратегдердин бири о.э. көп жылдардан бери Хизб-ут-Тахрирдин Пакистандагы расмий сүйлөөчүсүнүн вазыйпасын аткарып келген. Бул, анын көптөгөн сыпаттарынын бир нечеси гана, бирок, Пакистан разведка кызматы ушул сыпаттардын бирин да этибарга албады. Бронежилет кийген онго жакын разведка кызматынын адамдары мектептен балдарын алып бара жаткан Навид Батты перзенттеринин көз алдында «Сузуки» машинасына салып алып кетишкен.

Навид Батт саясий майдандагы жалгандарды ачыкка чыгарган өтө жөндөмдүү саясий идеолог мусулмандардын бири. Ошондуктан, ал сүйүктүү өлкөсү Пакистанды улуулукка жеткире турган «чыныгы жол картасы» жөнүндө пикирге ээ. Бул курч назария негизинде Пакистан өзүнүн географиялык, демографиялык, табигый жана техникалык артыкчылыктарынан туура пайдаланып, Түштүк жана Борбордук Азияда салмактуу борборду ээлей алат. О.э. Пакистан Азиядагы эң ири кубат макамын ээлеп, Ислам Умматынын экинчи ойгонушун жүзөгө чыгарып, анын 1400 жылдык мурасын кайра жанданта алат.

Навид Баттын мындай зулумга кабылышына – бийлик болобу, куралдуу күчтөр болобу – өлкө башындагы расмий саясий күчтөрдүн чечимдерин жана иш-аракеттерин сындаганы себеп болду. Расмий саясий күчтөрдүн чечимдери жана иш-аракеттери бир тараптан Пакистандын мүмкүнчүлүктөрүн системалуу түрдө жокко чыгарса, башка тараптан, Азиянын бул бөлүгүндө нечендеген кылымдар жакшы жашап келген мусулман калктардын ынтымагын, биримдигин талкалады.

Навид Баттын позицияларынын бири ушул болгон – ал Парвез Мушаррафтын Пакистандын батышындагы элге каршы кеңири көлөмдүү согушун сындап келди. Бул согуш Пакистан кошуунун өлкөнүн Уруулар регионундагы ага-инилерине жана эже-карындаштарына каршы согушууга мажбурлады. Бул иш-аракеттер өлкө чегарасынын аркы бетиндеги Афганистан жеринде жайгашкан баскынчы АКШ күчтөрүнө болуп жаткан басымды азайтуу үчүн жасалган. 17 жылга созулган бул кандуу согуш шаарларды, мектептерди жана үй-жайларды ойрондуга айлантты, он миңдеген адамды кыргын кылып, жүз миңдегенин качкынга айлантты… О.э. Пакистандын ичиндеги мусулмандардын турмушунда үлкөн жараканы пайда кылды. Бул жарака дагы эле оңдолгон жок.

Навид Батт Пакистан армиясынын жана өкмөттүн маанилүү объектилерине АКШнын таасири киришине жол берген өлкөдөгү малай расмийлерди жана коррупционер генералдарды ачык сындаган. АКШ Федералдык Тергөө Бюросундагы жана Борбордук Разведка Башкармалыгындагы түрдүү кызматтардагы расмийлер Пакистандын башкы командачылыгына, аскерий оперативдик бөлүктөрүнө жана ички разведка мекемелерине орношуп алып, көзөмөлдөрүн жана өкүмдарлыктарын бекемдеп келишти. Учурда Америка ошол малай расмийлер жана коррупционер генералдар жардамында өлкөнүн ядролук жана салттуу куралдануу о.э. согуш жана тынчтык жаатындагы чечимдерин көзөмөлдөп келүүдө. Негизи, Аллах Субханаху ва Таала мындай деген:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِن تُطِيعُوا الَّذِينَ كَفَرُوا يَرُدُّوكُمْ عَلَى أَعْقَابِكُمْ فَتَنقَلِبُوا خَاسِرِينَ﴾

«Эй момундар, эгер кафирлерге итаат кылсаңар силерди артыңарга (куфрга) кайтарышат, анан, зыян көрүүчүлөргө айланып каласыңар»                                    [3:149]

Пакистанда улам-улам алмашып жаткан өкмөттөр Навид Батт уурдалгандан бери эч болбогондо анын жакындары сарсанаа болбошу жана аны менен жолугушу үчүн да анын каякта кармалып жатканын айтуудан баш тартып келишүүдө. Бул өкмөттөр дээрлик он жылдан бери Навид Баттын үй-бүлөсүнүн, Ислам Умматы арасындагы ага-инилеринин о.э. азапталышына кайдыгер карабаган бардык адамдардын кайрылуусуна кулак салбай келишти. Кайрылууларга кулак салуу тиякта турсун, ал тургай, Пакистан разведка кызматы, эгер Навид Батт өзүнүн саясий иш-аракетин токтотпосо, аны өлтүрүп, жасадын талаага ыргытуу менен үй-бүлөсүн коркутту.

Мына, Навид Баттын уурдалганына онунчу жыл болуп жатат, биз анын азат кылынышын тынымсыз талап кылып жатабыз. Жашы-кары, алыс-жакындагы ар бир мусулманды бул мубарек аракетте кошулууга чакырып келүүдөбүз. Негизи, Навид Баттын уурдалышы солихтердин каалоосу менен саткындардын каалоосунун кагылышуу чекити болуп эсептелет.

Пакистан куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөп жаткан түрдүү наамдагы садык жана калыс офицерлерге:

Желкеңерди кооздоп турган ураандарга кошумча, ажайып аяттарды да окуп чыккыла. Армияңардын түпкү согуштук доктринасын эстегиле. Уруулар регионундагы, Жамму жана Кашмирдеги ага-инилериңер жана эже-карындаштарыңар туш болгон кыянатка жакшылап көңүл бургула. О.э. Мьянмадагы, Акса мечити жана Газа секторундагы мазлумдарга карата кайдыгерликти карагыла.

Силерден сурайбыз, Пакистан армиясы качандан бери сөзү бар, амалы жок армияга айланып калган?! Ислам коргоочулары качандан бери жаңылыктарды күзөтүүдөн ары өтпөй калышкан?! Колуңардагы куралдарды тыйып коюу жана өч алуу үчүн колдонбосоңор, алардын эмне пайдасы бар?! Пакистан куралдуу күчтөрүндөнү эр жүрөк баатырлар эмне үчүн АКШнын азыркы текеберлиги алдында дүйнөгө өзүнүн күч-кубатын көрсөтпөй жатат?!

Боордошубуз Навид Батт Ислам өкүмдөрүнө амал кылышы жана чырайлуу ахлагы менен таанылган жигиттердин бири, ишеничтүү муфаккир жана белгилүү саясатчы. Ошондуктан, Пакистанды жана бүткүл Ислам өлкөлөрүн куткара турган чыныгы жол картасын сунуштады. Бул – Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺдын минхажы негизиндеги рошид Халифалык жолу картасы. Бирок, Навид Батты кадырлап, урматтоонун ордуна, араңардагы бузуку кызматкерлер аны уурдап, белгисиз жерге алып кетишти… Ла хавла ва ла куввата илла биллах. Ушул себептен улам, Навид Батт тезинен азат кылынып, үй-бүлөсүнүн кучагына кайтышы о.э. эл алдына чыгып Хизб-ут-Тахрир сабындагы боордоштору менен биргеликте акыйкат сөздү айтышы үчүн араңардагы ар бир калыс кишилерди тиешелүү тараптарга басым өткөрүүгө чакырабыз.

Пакистан дипломатиялык өкүлчүлүгүнө:

Пакистан элинин сыпатын, аброюн, тарыхын жана учурдагы абалын бүткүл дүйнөгө силер көрсөтөсүңөр. Ал эми, Навид Баттын зомбулук менен уурдалганы өлкөңөрдөгү адилеттиктин аброюна зыян жектирет. Мындан улам, биз силерди өкмөт өзүн өзү киргизген туңгуюктан чыгарууда өз милдетиңерди аткарууга чакырабыз.

Умматтын кайра улуулук даражасына көтөрүлүшүн арзуу кылып күтүп жаткан ар бир мусулманга:

Зулум жана адилетсиздикти ачыктоо вазыйпасын мойнуна алган ар бир калыс журналистке:

Биз баарыңарды чакырып жатабыз: келгиле, Навид Батты азат кылып, үй-бүлөсүнө кайтарышы үчүн Пакистан өкмөтүнө жана армия генералдарына басым өткөрүү кампаниясына кошулгула.

Аллах Таала айтат:

﴿وَإِنِ اسْتَنصَرُوكُمْ فِي الدِّينِ فَعَلَيْكُمُ النَّصْرُ﴾

«Эгер, алар дин жолунда силерден жардам сурашса, жардам берүү мойнуңарда»    [8:72]

Мухандис Салахиддин Азаза

Хизб-ут-Тахрирдин

Борбордук маалымат бөлүмүнүн төрагасы

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here