Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаяты мубарек Акса мечитин колдоо иш-чараларын өткөрдү

338
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаяты мубарек Акса мечитин колдоо иш-чараларын өткөрдү

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаяты 2021-жылы 11-май күнү аср намазынан кийин Батыш Халабдагы Сахара айылында мубарек Акса мечитине колдоо көрсөтүү иш-чараларын өткөрдү. Демонстранттар плакаттар аркылуу Сирия менен Фалестиндин жарааты бир экенин, БУУ жана Коопсуздук Кеңеши сыяктуу Ислам душмандарына кайрылуу менен Акса мечитине жардам суроо туура эместигин, тескерисинче, исламий армияларды аракетке келтирип, малай режимдерди тактыларынан кулатуу, кийин Акса жана Фалестинди азат кылуу менен жардам берүү керектигин баса белгилешти. Ошол эле учурда, Идлибдеги Арманаз шаарында да «Эй мусулман кошуундары, Акса жардамга чакырууда» деген аталышта демонстрация өткөрүлдү. Демонстрациянын катышуучулары Акса Умматтын жоопкерчилигинде экендигин, аны азат кылуу Умматтын армияларына важиб экенин баса белгилешти.

 

Роя гезити, №339, 2021-жыл, 19-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here