بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Тогуттарды түп-тамыры менен кулатуу канчалык кечиксе, зулум жана кайгы да ушунчалык узарат
Хизб-ут-Тахрир – Сирия вилаятынын маалымат бөлүмү жарыялаган билдирүүдө мындай делет:
«Ар кандай ооруну дарылоо кечиккен сайын анын абалы оорлошо берет. Зулум жана адашуу өкүмдар болуп турган мусийбатыбыз да дал ушуга окшойт. Тогуттарга канчалык сүкүт кылып, аларды өзгөртүүнү кечиктиргенибиз сайын, бизге зулум кылуулары да ошончолук күчөп жатат, аларды өзгөртүү иш-аракети дагы да оорлошууда.
Аң-сезимдүү түрдө дарт так аныкталбагандыктан, канчалык курмандыктар берилип жана калыс аракеттер жасалса да, дарылоонун ийгилигин кечиктирүүдө. Оору мыкты дарыгерге муктаж болгондой, Уммат да өзүнүн кооптуу оорусун так аныктоодо жана туура дарылоодо өз перзенттеринин арасындагы аң-сезимдүү топко муктаж».
Билдирүүдө бул аң-сезимдүү топ Хизб-ут-Тахрир экенине этибар берилип, мындай делет:
«Хизб-ут-Тахрир Умматтын оорусун эчак эле так аныктап, ал оорунун себеби Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзүлбөй жатканы жана кафир Батыштын кызыкчылыктарын коргоп жаткан ыплас режимдердин өкүмдарлык кылып жатканы экенин баян кылган. Ошондуктан, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу исламий жашоону кайра тикелөө биздин тагдырий маселебиз болуп эсептелет».
Роя гезити, №335, 2021-жыл, 21-апрель.