Кыргызстан быйылкы тышкы карызды төлөө мөөнөтүн узартууну суранууда
Кыргызстан быйыл төлөшү керек болгон 4,1 миллиард сомдук карызды төлөө мөөнөтүн узартууну суранууда. Бул боюнча донорлор менен сүйлөшүү жүрүп жатканын Финансы министрлиги кабарлады.
Министр Кыялбек Мукашев өкмөттүн жыйынында билдиргендей, кыргыз өкмөтү карыз акчаны жеңилдетилген мөөнөттөн кийин төлөй баштоону сунуш кылууда:
«Биз бүгүнкү күндө Париж клубу жана донорлор менен түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. 4,1 миллиард сомго жакын акчаны пролонгациялоо (кийинки жылдарга жылдыруу) боюнча келишимдер азыр каралууда. Быйыл, эмдиги жылы бизге жеңилдетилген мөөнөт болот. Кийинки үч жылда быйылкы жылган акчабызды төлөп беребиз”, – деген Мукашов.
Финансы министрлигинин соңку маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызы, тышкы жана ички карыздарды кошкондо, 378 миллиард сомду (4,8 миллиард доллар) түзөт. Анын 86,6% – тышкы карыз жана бул сумма 328 миллиард сомго барабар (4,1 миллиард доллар).
Кыргызстандын мамлекеттик карыздарды төлөө көлөмү 2023-жылдан тартып көбөйө баштайт. 2027-жылы бул үчүн жылына 400 миллион доллардай бөлүп турушу керек болот.
Кыргызстанда болуп өткөн кезектеги төңкөрүштөн кийин алгачкылардан болуп орус өкмөтү саясий кырдаал жөнгө салынганга чейин каржылык жардам токтотулушун билдирди. Анын артынан Европа Союзу да санариптештирүү үчүн бөлүнө турган 6 миллион еврону 2021-жылга калтырганын кабарлады…
Ошондон кийин кыргыз бийлиги эл аралык уюмдардан, кошуна өлкөлөрдөн каржылык жардам сурай баштады. Себеби, ансыз деле начар болгон мамлекеттик бюджет кезектеги төңкөрүштөн кийин өтө эле начар абалга кептелип калды. Мындан тышкары, өкмөттүн алдында президенттик шайлоону өткөрүү, парламенттик шайлоого даярдык көрүү иштери турат. Булар да мамлекеттик бюджетке кошумча чыгым болот. Булар жетишпегендей эмдиги жылдан баштап Кытайдан алынган карыздарды төлөй башташы керек. Белгилүү болгондой, Кыргызстандын эң көп карызы Кытайдан болуп, 1 миллиард 700 миллионго барабар. Өз кезегинде экс-президент Жээнбеков, андан кийин ошол кездеги тышкы иштер министри Кытайдан карызды төлөөдө жеңилдик беришин суранган эле. А бирок, Кытай бийлиги алардын суранычына эч кандай мамиле билдирбеди.
Ушуларды эсепке алсак, алдыдагы жылдарда кыргыз бийлигин ор сыноолор күтүп турганы белгилүү болот. Ошентип, өкмөт бир мамлекет же эл аралык уюмдан алган карызын төлөш үчүн дагы башкасынан карыз алууга мажбур болот. Ушундай көрүнүштө мамлекетти да, элди да карызга батырып, натыйжада жерлерибиз менен кен байлыктарыбызды аларга кош колдоп тапшырып жиберишет. Бүгүнкү күндө адамзаттын башына балээ болгон капиталисттик түзүмдүн табияты өзү ушундай.
Абурахман Адилов