Санитардык талаптарды аткарбаган ишканаларга айып пул салынды

393
0

Санитардык талаптарды аткарбаган ишканаларга айып пул салынды

Коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча санитардык талаптарды аткарбаган ишканаларга 977 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.

Маалыматка ылайык, өзгөчө абал алынгандан кийин ишин жандандырган 6891 ишкана текшерилген. Натыйжада 680 ишкананын ээсине жалпы суммасы 977 миң сомдук айып пул салынды. 2710 ишканага жазуу түрүндө, тогуз мекемеге оозеки эскертүү берилген. 15 ишкананын иши боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Өкмөт элди жумушсуз карантинде камап жатканы аз келгенсип, эми элдин эсебинен жыртылган бюджетти толтуруу камын көрүп жатат. Буга чейин өкмөт эл аралык уюмдардан алган карыздардын эсебинен бюджеттин чыгаша бөлүгүн жабаарын билдирип, бир катар уюмдар каражатты которгону айтылган. А бирок, калктын салыгынан төлөнө турган бул карыздардын кайда иштетилгени тууралуу отчёттор жашыруун калууда. Бийликтин мындай аракеттери калк арасында катуу нааразылыктарга себеп болуп жатат. Ал аз келгенсип пенсия, жөлөкпулдарды төлөөдө да маселелер жаралаары айтылып жатат.

Түпкүлүгүндө, калкка карата мындай зулумдук үстүбүздө империалисттик саясатка негизделген капиталисттик түзүмдүн колдонулуп жатканы себептүү жетип жатат. Анткени, капитализм капиталисттердин байлыгына таянгандыктан алардын акы-укугуна өзгөчө көңүл буруп, карапайым калк жакырчылык артынан жакырчылыкка батып барышына маани бербейт. Мындай абал дүйнөлүк пандемиянын учурунда өзгөчө көзгө урунуп жатат. Маселен, Кыргызстандын бюджетинин кирешеси 500 млн доллардын тегерегинде дефицитке учурашы күтүлүп, аны эл аралык уюмдардын пайыздуу карыздары менен жабат. Бирок, аталган каражаттын бир бөлүгү бийлик ээлеринин сол чөнтөгүнө сомолуп кетиши да айдан ачык. Мындай абалга аталган эл аралык уюмдар да кызыктар. Анткени, алар колониядагы мамлекетти карыз кылуудан сырткары, аны кризиске батыруу жана ачарчылык келтирип чыгарууну да максат кылат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here