Карантин: экономикалык кризис, жума намазга тыюу
Пандемия кризисинен мурун деле Кыргызстандын экономикасы чабал абалда эле. Мисалы, 2020-жылдын бюджети 10 млрд сом (143 млн доллар) дефицит менен бекитилген. Сырткы карыз 4 млрд долларга жакын болуп, быйыл аны тейлөөгө 300 млн доллардан ашык жумшалмакчы. О.э. 2020-жыл кириши менен дүң өндүрүм, салык жана бажы төлөмдөрү боюнча статистика бийликтин бийик үндөрүнө тескери көрсөткүчтөрдү көрсөтүп калган.
Эми болсо, эл аралык эксперттер эсебинде, Кыргызстандын дүң өндүрүмү 4%га төмөндөп, 25 жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч болуп калмакчы. Жыл аягына чейин бюджет дефицити өкмөттүн эсебинде 30 млрд сом, ЭВФ эсебинде 40 млрд сом (500 млн доллар) болору болжолдонууда. Мунун тушунда, мурун карызга белчесинен баткан Кыргызстан эми андан ары кекиртегине чейин батканы калды. Анткени, пандемияга каршы күрөшүү шылтоосу менен Кыргызстан эл аралык уюмдардан 500 млн доллардай “жардам” алмакчы жана анын ири бөлүгү пайыздуу карыздар. Демек, бул пайыздуу карыздар бюджет дефицитин жапканга эле кирип кетет да, өндүрүштүн өсүшүнө эч бир салымы болбойт. Белгилүү болгондой, жакыр өлкөлөрдү карыздар баткагына батырып, аларды ар дайым көз каранды абалында кармоо жана байлыктарын ташып кетүү неоколонизаторлук саясат болуп, империалисттер бул ыкманы ушул пандемия балээсинде да пайдаланышууда.
Кыргызстан мындай абалга ошол империалист державалардын көрсөтмөлөрүнө ээрчигендиктен кептелип калды. Эгер Кыргызстан бийлиги бул жааттагы шаръий өкүмдөргө амал кылганда эле, мындай кризиске кептелмек эмес.
Шарият боюнча, карантин ооруу таркалган аймактарга гана киргизилип, ушул эле учурда, экономикалык иш-аракеттер уланышы зарыл болчу. А бизде болсо, карантин ооруулар менен дени сак адамдарга бирдей киргизилип ташталды. Негизи, дени сак адамдар көпчүлүктү түзүп, алар тиричиликтен тосулбашы керек эле.
О.э. мамлекет өлкөнү тышкы карызга батыргандан сырткары, ичкериде адамдарды жеке турмушунда да карыздарга батырып жиберди. Күндөлүк азыгын араң таап жашап жаткан жарандар учурда карыз да таба албай, жоомарт адамдардын ихсандарына таянып жашап калды. Мамлекет жардам берип жатканын эл көзүнө таңуулаганы менен, турмуш чындыгы мунун тескерисин көрсөтүүдө. Ошондуктан, эл арасында “жоомарт жарандардан жардам келди, өкмөттөн пакет келди” деген азил пайда болду. Негизи, шарият боюнча, ар бир жарандын негизги мухтаждыктарын кандыруу важиб эле жана бул мамлекеттин мойнунда болчу.
Буга тескери түрдө, мамлекет жарандарды карыз сазына таштоодо. Батыш стандарттарын кабыл алуу менен алардын тузагына түшкөндөн сырткары, “казга теңелип карганын буту сыныптыр” болду. Батыш жумушсуз калтырганы үчүн жарандарына компенсация төлөп жатса, а биздин бийлик жарандарын жада калса коммуналдык төлөмдөр менен карызга батырууда. Эгер ишкерлерди салыктардан бошотуу сыяктуу чараларды кабыл алса, бюджетке түшпөй калган ал салыктар бюджетти трансферттер (алынган карыздар ) менен жабуу алкагына кирет. Ал эми ишкерлерге жардамдар берилсе, ал ишкерлерге карата гана болууда жана булар да эл аралык уюмдардын пайыздуу карыздарынын эсебинен болууда. Ал эми ал карыздар калктын жонконунан алынган. Мына ушулардын баары капиталисттик экономика эрежелерине моюн сунгандык айынан жүз берүүдө.
Бийлик пандемияга каршы күрөштө шариятка амал кылбай коюудан сырткары, короновируска каршы күрөштөн да көбүрөөк динибиздин баалуулуктарына каршы күрөшүп алды. Карантин шылтоосу менен жума намазга, жамаат намаздарына тыюу салды. Муну менен мамлекет жумага келүүдө мусулмандардын жанына жана малына зыян жете турган кооп-коркунуч туудуруп койду. Жана мында мамлекет күнөөкөр болду. Мына эми таравих намаздарга, жамаий ифтарларга тыюу салынып олтурат.
Мына ушул каталар анык көрүнүп тургандыгына карабастан, бийлик карантинди улам узартуу менен күнөөкөрлүгүн да улантууда. Ошондуктан, урматтуу Кыргызстан мусулмандары, мамлекетти шариятка амал кылууга буйруйлу жана бул күнөөлөрүнөн кайтаралы!
Эй Кыргызстан мусулмандары!
Түпкүлүгүндө, мындай балээлерден жеңилүүнүн, экономикалык кризистерге кабылуунун о.э. ибадаттарга бут тосулуунун түпкү себеби – дүйнөдө демократия чүмбөтүн жамынган капитализмдин колдонулушунда жана бүткүл дүйнөгө империалисттик системанын өкүм жүргүзүп жатышында. Ал эми мындай балээлерден жеңиш менен чыгуунун, адал жол менен экономиканы өнүктүрүүнүн о.э. ибадаттардын толук аткарылышынын кепилдиги – Ислам Мамлекетинин тикеленишинде жатат. Эгер Исламий мамлекет тикеленсе, мамлекет эпидемия тарашынан мурда аны токтотууга даяр болот жана экономиканы курман кылбайт. Мамлекет адамдардын саламаттыгы менен соодалашпайт жана экономиканы коргойт. Эпидемияга карата туура жандашуу менен бирге, дүйнөгө андан кутулуунун программасын сунуштайт.
Ошондуктан, Исламий Уммат бүткүл адамзатты бактысыздыктан куткаруу үчүн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылышы керек. Андыктан, биз силерди мамлекет тикелөө үчүн аракет кылып жаткандарга жардам берүүгө чакырабыз.
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾
«Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге чакырганда, аны кабыл алгыла жана билип койгула, шек-күмөнсүз, Аллах ар бир киши менен анын жүрөгүнүн ортосун ээлеп турат. Албетте, Анын алдына топтолосуңар» [8:24]
Аллахтын урухсаты менен жакында тикеле турган Халифалык мамлекети мындай иштерди чечүүдө эч качан кафирлер жолунан ээрчибейт. Расулуллах ﷺ хидаятын ээрчийт о.э. жума жана жамаат намаздарын токтотпойт. Шаръий үзүрү бар киши гана жума жана жамат намазына катышпайт, башкалар болсо катышат. Ооругандар бөлүнүп, дени сак кишилер өз иштерин уланта беришет. Алар мечиттерге барып намаз окушат. Аллахтан мындай оорулардан сакташын о.э. эпидемияны жана балээни көтөрүшүн сурап дуа кылышат. Акыйкат мына ушундай.
﴿فَمَاذَا بَعْدَ الْحَقِّ إِلَّا الضَّلَالُ﴾
«Акыйкаттан кийин адашуу гана бар» [10:32]
Хизбут-Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү
- 04. 2020