Коронавирус капиталисттик идеологияны кризиске батырууда
Бириккен Улуттар Уюму коронавирус пандемиясы адам укуктарынын кризисине айланып баратканын эскертти. Уюмдун баш катчысы Антониу Гуттериш 23-апрелдеги видео кайрылуусунда пандемиядан улам дүйнөдө жек көрүү, аялуу катмарларды басынтуу, коопсуздук кызматкерлеринин чоң муштумдугу күчөп баратканын айтты.
Буга чейин уюмдун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы даярдаган баяндамада коронавируска байланыштуу жагдайдан улам дүйнө жүзүндө ачарчылыкка кабылган адамдар эки эсе көбөйүшү ыктымал экени айтылган.
Маалыматка ылайык Африкадагы 1,2 миллиард элдин бери дегенде 20% тамак-ашты тоё жебейт жана бул дүйнөдөгү эң чоң көрсөткүч болуп саналат. Мындан улам, азык-түлүк программасы үчүн быйыл кеминде 10-12 миллиард доллар керек. Былтыр бул багытта сегиз миллиарддан ашыгыраак каражат жумшалган.
Мындан тышкары, дүйнөлүк экономика 3 пайызга төмөндөшү күтүлүп жатат. Глобалдык экономикадагы мындай төмөндүк эгер коронавирус пандемиясы 2020-жылдын экинчи жарымында ооздукталса гана сакталат. Эгер пандемия ооздукталбаса, капиталисттик дүйнө экономикасын мындан да кооптуу жагдай күтүп турат. Башкача айтканда 2021-жылга чейин улана турган болсо, дүйнө өлкөлөрүнүн жалпы экономикалык көрсөткүчү дагы 8 пайызга төмөндөшү ыктымал.
Коронавирус капиталисттик идеологиянын чабалдыгын дагы бир ирет дүйнөгө көрсөттү. Буга капитализмдин чексиз каалоо – чектүү ресурс теориясына негизделген дүйнө байлыгын бөлүштүрүүдөгү каталыгы себеп болуп жатат. АКШ баштаган мамлекеттер алып барып жаткан куткаруу саясаттары байлыктардын бир ууч кишилердин колунда топтолуп, кембагалдардын дагы да жакырлашуусуна алып барууда.
Дүйнөлүк коомчулукта эпидемия артынан эл аралык түзүм кулайбы деген суроо негизги темага айланды. Айрыкча, АКШнын эл аралык майдандагы позициясы төмөндөшү күтүлүп жатат. Башкача айтканда, Американын Кытайга, Орусияга каршы саясий, экономикалык тосуктары жумшаруусу, Европа үстүндөгү таасири дагы да алсырашы күтүлүүдө. Муну АКШнын айрым саясий ишмерлери да оозго алып жатат. Трамптын эл аралык уюмдарды каржылоодон баш тартуусу экономикалык жактан пайдалуу болгону менен саясий тараптан Американын аброюн дагы да түшүрүүдө. Ал эми Европа биримдигинин өз ара пикир келишпестиги күн санап күчөп, биримдиктин чачыроосу күндемге айланды. Түпкүлүгүндө, капитализмди кулата турган фактор коронавирус эмес, коронавирус болгону анын кулашын тездетип, чыныгы жүзү ачылышына көмөкчү болууда.
Албетте, эл аралык майдандагы мындай боштукту толтура алуучу жападан-жалгыз күч Халифалык мамлекетинин кайрадан тикелениши. Бул үчүн үммөттө мабдаий, материалдык жана руханий кубат жетиштүү. Мындай абалда Ислам үммөтүнөн эл аралык түзүмдү көзөмөлдөй турган жана дүйнөнү капитализмдин зулумунан куткара ала турган Исламдын кайтып келишине катуу аракет кылышы гана талап кылынат. Бул аракеттин артында Аллах өз нусратын берсе ажеп эмес!
Мумтаз Маверанахрий