Эмомали Рахмон орозону башка мезгилде кармоого чакырды

334
0

Эмомали Рахмон орозону башка мезгилде кармоого чакырды

Тажикситандын президенти Эмомали Рахмон тажикстандыктарды орозону башка мезгилде кармоого чакырды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтындагы куттуктоодо айтылды.

Анын айтымында, быйылкы Рамазан коркунучтуу коронавирустун пандемиясына гана туш келбестен, жазгы талаа жумуштарынын жана эрте жыйналчу түшүмдүн учуруна да туура келип калган имиш.

«Биз, аң-сезимдүү түрдө суу жана тамак ичүүдөн карманып, өз ден соолугубузга зыян келтирип, өзүбүздү өз колубуз менен өлтүрбөшүбүз керек. Анткени бир күн бою ачка болуунун натыйжасында адамдын иммунитети басаңдап, инфекциялык ооруларга тез алдырып кое турган болот», – деди Рахмон.

Рахмон башында турган тажик бийлиги Ислам жана мусулмандарга каршы колунан келген бардык ыкма жана каражаттарды пайдалануу менен күрөшүп келет. Бул ирет да анын чакырыгы таң калычтуу болбоду. Тагыраагы, коронавирус жана дыйканчылык болгону шылтоо болуп, анын чакырыгы түпкүлүгүндө Исламга каршы максатын чагылдырат. Анткени, Рахмон буга чейин да Ислам баалуулуктарына каршы тынымсыз аракеттерди көрүп,  көчөлөрдө хижаб кийүүгө, эркектердин сакал коюшуна, жаңы төрөлгөн балдарга исламий ат коюуга тыюу салган. Ошондой эле ири мечиттер жабылып, кинотеатр, музейлерге айландырылган.

Демек, биз мусулмандар дин эркиндиги башында турган экриндиктер кепилденет деген демократиялык түзүмгө үмүт артпашыбыз керек. Анткени, эркиндик деп төш каккан эл аралык уюмдар, Батыш державалар баш болуп, популисттик чакырыктар, рейтингдерди түзүүдөн ары өтө алышпайт. Ислам баалуулуктары, эң биринчиден дал ушул эркиндик беткабын кийген эл аралык уюм жана мамлекеттерге коркунуч туудурат. Ошондуктан, алар өз күрсүлөрүн сактап калуу үчүн зулумдук үстүнө зулумдук кылып жаткан акимдердин кылмыштуу аракеттерине сүкүт сакташат. Алар тескерисинче, акимдин айтканына кыңк дебей турган “мээлүүн” мусулмандар армиясын пайда кылууга бардык күчтөрүн сарпташат. Андыктан, биз мусулмандар өз Исламыбызды толук кармануу үчүн, аны үйрөнүп, аны жашоого алып келгенге шашылалы. Антпесе, бул кордук абалыбыз, колонизаторлордун жана малай акимдердин зулумдугу күн санап өсүшү мүмкүн, бирок азайбайт.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here