АКШ саясатына ылайык, Тажикстан Ооганстанга электр экспорттойт

447
0

АКШ саясатына ылайык, Тажикстан Ооганстанга электр экспорттойт

Тажикстан апрель айынан тарта коңшу өлкөлөргө чоң көлөмдө электр энергиясын экспорттой баштайт. Бул тууралуу «Авеста» кабар агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн мамлекеттик энергохолдинг ишканасы менен Ооганстандын «Брешно» компаниясы ортосунда электр энергиясын жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн. Анын негизинде өлкө бул жылы Ооганстанга 1 млрд. 588 млн. кВт/с электр энергиясын экспорттойт. Ошондой эле Өзбекстанга экспорттоло турган электр энергиясынын баасы менен көлөмүн атайын комиссия аныктамакчы.

Учурда өлкөдө суткасына 62 млн. кВт/с электр энергиясы өндүрүлуп, анын 59 млн. кВт/с ички муктаждыкка жумшалууда.

Түпкүлүгүндө Тажикстан менен Кыргызстандан өндүрүлгөн электр энергиясын Ооганстан менен Пакистанга экспорттоо маселеси CASA-1000 долбоорунун алкагында жүрөт. Бул долбоор – Афганистанга аскерий баскынчылыгын жүргүзүп келе жаткан колонизатор Американын долбоору болуп эсептелет. Бул долбоорду Бүткүл дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, USAID, Британия эл аралык шериктештик министрлиги жана Европа инвестиция банкы сыяктуу Батыштын бир канча донор уюмдары каржылап жатат. Алар Орто Азиядагы эң ири ГЭСке айланган “Рогун” ГЭСинин курулушун да каржылашууда.   
“CASA-1000” долбоорунан негизги максат, Афганистан аркылуу Пакистанга узатыла турган энергиянын көбү ошол аймактагы табигый байлыктарды кайта иштеп чыга турган, батыштык колонизаторлорго кызмат кылган завод жана фабрикаларды иштетүүгө каратылган. Даяр продуктулар кемелер аркылуу ташылып кетет, андан түшкөн үлкөн пайдалар болсо чет элге ташылып кетилет.

Американы акыркы учурда талибан менен тынчтык келишимин түзүүгө шаштырган шарттардын бири да дал ушул аймактагы байлыктарды ташып кетүүгө коопсуз аймак түзүү болуп эсептелет.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here