Хизб-ут-Тахрир–Фалестин имам-хатибдерди жана муфтийлерди өз милдетин аткарууга жана динди коргоого даъват кылууда

668
0

Хизб-ут-Тахрир–Фалестин имам-хатибдерди жана муфтийлерди өз милдетин аткарууга жана динди коргоого даъват кылууда

Хизб-ут-Тахрир–Фалестин Вакф иштери мүдүрлөрүн, муфтият, казылык жана мечит имам-хатибдерин зыярат кылуу иш-чараларын өткөрдү. Бул иш-чара Хизбдин Фалестинде адамдарды жана коомчулукту режимдин шектүү уюмдар менен кылмыш жасап жатканына, Ислам түшүнүктөрүнө жана шаръий өкүмдөргө сокку берүүгө каратылган конвенцияларга кол коюп жатканына сак болууга чакыруу кампаниясы алкагында болуп өттү. Негизи, Фалестин режими Исламдын түшүнүктөрүн жана шаръий өкүмдөрдү коюп, Батыштын түшүнүктөрүн жана мыйзамдарын алды. Исламдагы түшүнүктөрдө жана өкүмдөрдө үй-бүлө жана коом жыргалчылыгы камсыздалган, ал аял кишинин урматын коргойт. Ал эми, Батыштын түшүнүктөрү жана мыйзамдары аялдарды, үй-бүлөлөрдү бузуп, адамдар арасында бузукулук жана мункар иштерди жаят.

Хизб ушул зыяратта маъруфка буйруп, мункардан кайтаруу фарз экенин, Фалестин режиминин Ислам душмандарынын саясатына жол ачкан конвенцияларына кол коюу жана аларды аткаруу кылмыштарына каршы күрөшүү зарылдыгын, себеби, душмандардын саясаттары Ислам жана мусулмандарды, Фалестин калкын бутага алганын баса белгиледи.

Зыяраттар учурунда Хизб мүчөлөрү Хизб-ут-Тахрир–Фалестиндин сакафат бөлүмү жарыялаган баракчаны таратышты. Баракчада Фалестин режими кол койгон, мүчө болгон жана беренелерин колдонуп жаткан бул конвенциялардан өтө кооптуу пландар көздөлгөнү баян кылынган. Бул пландардын баары, негизинен, CEDAW конвенциясы жана «2030-жылы үчүн туруктуу өнүгүү» конвенциясы Фалестин калкы жана үй-бүлөлөрү үчүн өтө кооптуу экени, экөөсүнүн беренелери Ислам өкүмдөрүнө каршы батынуу жана душмандыкка толо экендиги баса белгиленди. О.э. баракчада сарай жарчылары жалган кабар таратып жатышканына жана ушул конвенцияларды жалтырак сөздөр жана жасалма ураандар менен колдонууга урунуп жатышканына жетиштүү далилдер көрсөтүлдү. Мисалы, ажырашууну азайтуу урааны сыяктуу… бул жана башка адаштыруучу жалгандардан максат – адамдарды жолдон тосуп, акыйкатты аларга көрсөтпөө. Жеке абалдар жана жазалар туурасындагы мыйзамга өзгөртүү киргизүүдөн, турмуш куруу жашын белгилөөдөн негизги максат – БУУнун максаттарын ишке ашыруу, кылмыштуу CEDAW конвенциясын колдонуу о.э. колонизатор кафирге ыраазы болуу жана башка максаттар.

Баракчада мындай делет: «Батыш мамлекеттеринин колдоосу астында мусулман өлкөлөрүндө ишке ашырылып жаткан программалар ушул мамлекеттердин Ислам Умматына жана муслима аялга болгон жек көрүүсүн түшүндүрөт. Батыш кафирлери мындан ушуларды көздөшкөн:

Мусулман үй-бүлөлөрдү бузуу жана шаръий өкүмдөргө сокку берүү. Акыйкатта болсо, бул өкүмдөр аялдын жолдошуна итаат кылуусуна жана жакшы жубай болушуна негиз болгон;

Перзенттер ортосунда ата-энелерге итаатсыз болууну кеңири жаюу, үй-бүлө ичине баш ийбестик уругун эгүү;

Эркектер менен аялдар, айрыкча, жаш жигит-кыздар ортосунда аралаш болууга үгүттөө, ушул аркылуу уятты жок кылып, мусулмандардагы абийир түшүнүгүнө сокку берүү;

Мусулман аялдарынын жоолук жана жилбабын чечүү жана аялды аврат жана фитна жайлары ачык абалда көчөгө чыгууга үйрөтүү;

Мусулман жаштарды Исламдан жана Умматтан бөлүү, аларды Батыш кызыкчылыгына кызмат кылуучу куурчактарга айлантуу;

Уммат арасында бөлүнүүнү, Сайкс-Пико чегараларын, Батыш мамлекеттерине көз карандылыкты бекемдөө максатында жаш муунду күч-кубат, биримдик, исламий башкаруу сыяктуу түшүнүктөрдөн бүтүндөй алыстатуу.

Баракчанын соңунда: «Аялды Ислам коргогондой коргогон бир да мыйзам бул дүйнөдө жок, себеби, Ислам аялды эне, кыз жана эже-карындаш катары улуулады», – деп айтылат. О.э. баракчада ар бир мусулмандын тигил кылмышкерлерди тыйып коюшу Аллах Субханаху буйруган фарздардын бири экени баса белгиленди.

Роя гезити, №265, 2019-жыл, 18-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here