Лондондо өткөн НАТО жыйыны жана татаал маселелер

396
0

Лондондо өткөн НАТО жыйыны жана татаал маселелер

Доктор Фараж Мамдух

Франция менен АКШ ортосунда бул жылы көптөгөн маселелерде келишпестик болгону ушул айдын үчүнчү жана төртүнчү күндөрү Лондондо болуп өткөн НАТО жыйында жаркын байкалды. НАТО жыйынында Германия менен Франция антиамерикалык ролду кезектеп аткарууга келишип алышкандай өңдөнөт. Европа континенти өз аброюн сактап, эч болбосо, өзүнө тиешелүү иштерде маанилүү көз карандысыз оюнчу катары көрүнмөкчү болду. Мисалы, өткөн жылы антиамерикалык ролду Германия башкарган болсо, эми, бул роль Франциянын колунда.

Татаал маселелердин негизгилери:

Биринчи: Европаны, айрыкча, Францияны чоочутуп жаткан нерсе – Америка аны эл аралык маселелерден четке чыгарып коюшу.

Ушул себептен улам, Франция НАТОнун түзүлүшүнө Россия жана анын коркунучу себеп болгонун, бул коркунуч дагы эле сакталып жатканын эске салды. Макрон «Эмне болду, эмне өзгөрдү, биз эмнеге Россияны душман деп билбей калдык, акыры, мурда ушундай эле го?!» деген сыяктуу суроолорду ортого салды.

Макрон: «Эмнеге Түркия Россиядан ракета системасын сатып алууда, акыры, Россия душман тарап эмеспи?!», – деди. Трамп муну актоого урунуп: «Обама Түркияга «Пэтриот» ракеталарын сатуу келишимин артка сүргөн, мындан улам, Түркия ракеталарды Россиядан сатып алды», – деди. Макрон ага каршылык билдирип: «Бирок, биз ошол системанын Европадагы альтернативасын Түркияга сунуштадык, ал болсо, Европа кызыкчылыктарын да, НАТО максаттарын да урматтабады», – деди.

Франция ушул суроолорду ортого салды: эмнеге АКШ НАТО мамлекеттери менен кеңешпестен Сириянын түндүгүнөн чыгып кетүүдө? Эмнеге Түркия НАТО мамлекеттери менен кеңешпестен бир тараптуу аракет кылып, Сириянын түндүгүнө кирип жатат? Деги, Франция «терроризмге» жана ИШИМГЕ каршы Түркия жана Америка менен келишип аракет кылды го, эмне үчүн Түркия башка маселелерде биз менен келишпейт?

Бул нерсе Макронду «НАТО өлүм төшөгүндө жатат» дегенге үндөп Америка менен Россиянын позициясына карата каршылыкты күчөттү.

Экинчи: Америка Кытайдын экономикалык жана аскердик кубаты кооп туудуруп жаткандай жана бул нерсе Россиянын коркунучунан кем эместей кылып көрсөтүүгө урунду жана НАТО дагы да чоңоюп, татаалдашып жаткан мындай коркунучга каршы турушу шарт экендигин баса белгиледи. Бул болсо, Американын Кытайга каршы стратегиясына кирет т.а. Америка кызыкчылыгына кызмат кылат.

Үчүнчү: Америка Европага Америка-Европа ортосунда соода дефицити бар экенин, мындай чоң дефицитти жоюу үчүн бажы тарифтерин белгилөө керектигин айтты.

Европа НАТОнун каражаттары жана фонду үчүн ар бир мамлекет өз милдетин аткарышы керектигин баса белгиледи.

Булардан айкын болгондой, Лондондогу НАТО жыйынында келишпестиктерге Америка саясаты себеп болгон. Америка Жакынкы Чыгыштагы жана Түндүк Африкадагы жаңжалдуу региондордо Россиядан темир чеңгел катары пайдаланууда. Бул темир чеңгелдин тушунда, Америка Европаны тынчсыздантып жаткан Путиндин аракеттерине көз жумууда. Мындан тышкары, Түркия-Россия жакындашуусу да Европаны кабатырга салууда. Ошондуктан, бул келишпестик жакын арада жоюлбай турган көрүнөт. Тескерисинче, глобалдуу финансылык кризис жана АКШ-Россия жакындашуусу уланса, дагы да күчөшү күтүлөт.

Төртүнчү: НАТО мамлекеттери арасында «терроризмдин» бир түшүндүрмөсү жок болгондуктан, алардын ортосунда уюмдар, жамааттар жана дүйнө мамлекеттери туурасында келишпестик токтобойт. Америка «терроризмге» белгилүү бир түшүндүрмө берүүнү каалабайт. Себеби, муну менен өзүнүн аракети чектелип калат. Америка ким ага каршы чыкса, аны «террорист» дейт. Мындан улам, Түркия «Касад»¹ды террорчу уюм деп эсептеши Франциянын ачуусун келтирди.

Бирок, алар «исламий терроризм» деген нерсеге каршы согушууда жана ага каршы келишип күрөшүүдө бир пикирде. Алардын ортосунда келишпстик жана душмандык болсо да, бирок, бул маселеде алар биригишет. Аллах Субханаху өз саясатында оболу Аллахка тобокел кылып, кийин Умматка таянган көз карандысыз мамлекеттин дүйнөгө келишине уруксат бергенге чейин мусулман өлкөлөрү «терроризмге» каршы күрөшүү чүмбөтү астында алып барылып жаткан согуштун курманы бойдон калат.

¹ Сирия демократиялык күчтөрү

Роя гезити, №264, 2019-жыл, 11-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here