Путин орусиялыктарды биримдикке чакырды
Россия президенти Владимир Путин жаңы жылдык куттуктоосунда орусиялыктарды биримдикке чакырды. 2019-жыл Орусиянын Москва баштаган бир катар шаарларында бийликке каршы нааралызык акциялары менен коштолду. Ошондой эле 2019-жылы Путиндин эл арасындагы кадыр-баркы соңку он жыл ичиндеги эң төмөнкү чекке түшүп кеткенин коомдук сурамжылоолор көрсөттү. (Булак, “Азаттык” үналгысы)
Сереп: Ар кандай мамлекет, калк же жамааттар ортосунда аларды бириктирип туруучу робита (байламта) болот. Робита бирер мабдаъ (өзүнөн түзүм келип чыгуучу акыйда), рухий акыйда же убактылуу кызыкчылыктар (улутчулдук, мекенчилдик) болушу да мүмкүн.
Россияны бириктирген күчтүү робита жок. СССРден кийин Россияда карама-каршы дүйнө караштар, мекенчилдик жана улутчулдук негизиндеги робиталар пайда болуп, алардын бири да жарандарды бириктирүүдө этибардуу кубатка ээ болбоду. Путин режими орустарды тышкы күчтөрдөн коркутуп, аларда мекенчилдик туйгуларын пайда кылуу менен бийликке келген. Токсонунчу жылдардын аягында Путин өзүнүн командасы менен өлкөдө бир катар теракттарды уюштуруп, Чеченстанга бастырып кирүү менен калкта мекенчилдик туйгудан келип чыккан робита пайда кылган.
Бүгүнкү күндө тышкы күчтөр коркунучу жоктугунан улам, мекенчилдик робитасы орус калкын бириктире албай калды. Путин бир топ журналисттер менен биргеликте Украина, НАТО жана Батышты Россияга карата агрессор кылып көрсөтүү үчүн маалыматтык согуш жүргүзүп жатат. Бирок, орустар анын көпкө созулуп кеткен бул айла-амалынан тажап, батышчыл күчтөр таасири астында Путинге нааразылыгын билдире башташты.
Мекенчилдик робитасы согуш же согуш коркунучу ачык көрүнгөн убакта гана элди бириктире алат. Орус калкы Батыштын Россияга каршы санкцияларды киргизишине Путиндин алсыз саясаты себеп болуп жаткандыгын, жакшы жашоого жетүү үчүн Путинден кутулуу керектигин түшүнүп калды. Бул болсо, убакыт өтүшү менен жарылышы анык болгон сакафий мина болуп, Россияда жана ага көз каранды мамлекеттердин бардыгында күтүлүп жаткан табигый кризис. Путин орус калкын эми бириктире албайт!
Абдураззак Муъмин.