Өзбекстанда имам жаңы жыл “майрамына” жашыл чырак жакты

773
0

Өзбекстанда имам жаңы жыл “майрамына” жашыл чырак жакты

Өзбекстандын Ислам цивилизациялык борборунун башчысы, Өзбекстан мусулмандар муфтийинин орунбасары Абдулазиз Мансур «жаңы жыл майрамы шариятка каршы келбейт» деген билдирүү жасады.

Мындай пикирин ал UZA.uz. мамлекеттик маалымат агенттигине берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, миллиондогон мусулмандар үчүн жаңы жыл майрамы адаттагы эле көрүнүш болуп калган. Ошол жаңы жылды майрамдаганы үчүн эле мусулмандар христиан же каапыр болуп калышпайт имиш.

Мансур балатынын ийнеси ден соолукка пайдалуу экенин, ошондон улам балдар балатыны айланса динге эч кандай зыяны жок экенин кошумчалады.

Сарай уламасы болбосоң коё кал ээ.

Акыйкатта болсо, шарият боюнча жаңы жылды майрамдоо, куттуктоо, балатыны айлануу анык арам амалдардан болуп эсептелет. Ислам уламалары мындай күндөрдө майрамдоо бул жакта турсун, мындай майрамдар менен куттуктоону да арам деген.

Шайх Мухаммад Салих Аль Мунажжид төмөнкү сөздөрдү айтты: “Каапырларды жаңы жыл, рождество жана ушул сыяктуу башка майрамдары менен куттуктоо же алар сизди куттуктаганда аларга куттуктоо менен жооп айтуу арам. Себеби, бул майрамдар биздин динибизде жок жана аларга жооп кылуу менен биз бул майрамдар туура экендигин тастыктаган болуп калабыз”. Тагыраагы, мушрик жана каапырларды алардын майрамдары менен куттуктоо же жооп берүү менен биз бул куфр майрамдары туура жана жайиз экенин тастыктаган болобуз.

Ибн Аль Коййим өзүнүн Ахкаам аль-Зиммах китебинде төмөнкү сөздөрдү келтирген: “Каапырларды майрамы менен куттуктоо бардык аалымдардын назарында арам, а түгүл аларга “майрамыңыз менен куттуктайм” же “майрамыңарды жакшы өткөргүлө” сыяктуу сөздөрдү айтуу да арам. Муну айткан мусулман каапырлыктан кутулса да күнөөкөр болот. Бул кудум крестке сажда кылган сыяктуу, балким андан да жаманыраак иш. Бирөөнү арак ичкени үчүн, же адам өлтүргөнү үчүн, же зынаа кылганы үчүн куттуктоо канчалык чоң күнөө болсо, жаңы-жыл менен куттуктоо дагы кудум ушундай күнөө. Өзүнүн динин сыйлабаган инсандар көбүнчө мына ушул катага жол берет. Алар кылып жаткан ишинин канчалык үлкөн күнөө экенин түшүнүшпөйт.

Абдуллах Ибн аль-Аас риваят кылат: “Кимде-ким мушриктердин мекенинде жашап, алардын нооруз, жана махражаан майрамдарын белгилесе, өлгөнгө чейин аларды ээрчисе, кайта тирилүү күнүндө уткургандардан болуп калат”. Башка риваятта болсо “Кимде-ким араб болбогон жайда жашап алардын жаңы-жыл жана башка майрамдарын белгилесе, өлгөнгө чейин аларды ээрчисе, кайта тирилгенде ошолор менен бирге болот” деп айтылат. (Байхакий риваяты).

О.э. Расулуллах (с.а.в) үммөттүн яхудий жана насронийлерге ж.б.ларга окшошпоого, алардан айырмаланууга, алар кылган нерселерге ээрчибөөгө буюрган.

Абу Хурайра (р.а) риваят кылат. Расулуллах (с.а.в) айтты: “Үммөтүм өзүнөн мурункулардын жолун кадамма-кадам, карышма-карыш өздөштүргөнгө чейин кыямат кайым болбойт”! Айтышты: “Я Расулуллах, фарс жана румдуктар сыяктуу коомдордун жолубу?”. Расулуллах (с.а.в): “Алардан өзгөлөрдүн дагы!”, деди.           

Демек, Расулуллах (с.а.в) өзүн Ислам үммөтүнөн санаган адамдардын яхудий, насроний ж.б. мушриктердин изинен кетип калуу коркунучунан эскертти. Бирок өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндөгү үммөттүн абалы мунун жаркын мисалы болуп турат. Биз ушунчалык төмөндүккө жетип калдык дейсиң, жахилият доорунан калган майрамдарыбызды кайра тикеледик, ал да аз келгенсип, тозок калкы болгон мушрик каапырлардын майрамдарын да өзүбүздүкү кылып алдык. Көчөгө чыксак бардык жерде жаңы жылга даярдыктар көрүлүп жатканына күбө болуудабыз. Өзүн мусулман эсептеген айрым адамдар бул куфр майрамдарын эки айт майрамынан да улуу көрүп калды, астагфируллах.

Оо мусулмандар! Мына ушул тозок калкына тарапкер болуп, алардын майрамдарына ээрчүү менен, алардын аркасынан “кескелдириктин ийинине кошо ээрчип киргендей”, тозокко карай ээрчип кетпегиле!

Акыры Расулуллах (с.а.в) айтпады беле: “Кимде ким кайсы бир коомго ээрчисе, ал ошолордон” (Абу Давуд риваяты).

Аллах Таала баарыбызды куфр калкына ээрчүүдөн, кыямат күнүндө тозокто алар менен бирге болуп калуудан алыс кылсын!     

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here