Президент Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербургга кетти

348
0

Президент Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербургга кетти

 Президент Сооронбай Жээнбеков 20-декабрда Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына учуп кетти.

 Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, мындан тышкары,  президент КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.

Комментарий: Белгилүү болгондой, Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) 19-ноябрдагы жыйынында Кыргызстандын транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарына жеңилдик мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн четке каккан. 2019-жылдын 31-декабрында Кыргызстанга ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн алып келинген автоунааларды киргизүүдөгү бажы төлөмүн жеңилдетүү мөөнөтү аяктайт.2020-жылдын 1-январынан баштап ЕАЭБдин тарифтери күчүнө кирет. Жаңы тариф боюнча, автоунаалардын бажы төлөмү бир топ эле кымбаттайт. Мисалы, 2009-жылы чыгарылган Toyota Camry унаасын бажылык жол-жоболоштуруу 11 эсеге, тагыраагы, 1 250 доллардан 13 600 долларга чейин жогорулайт.
Демек, эми Кыргызстан орустун Батыш мамлекеттеринин талабына жооп бербей турган унааларын алууга мажбур болот.

 Негизи, ЕАЭБ түзүлгөндөн бери уюмга мүчө мамлекеттер жалаң гана зыян тартып келет, ал эми Россия болсо тескерисинче пайда көрүүдө. Мисалы, 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча уюмга мүчө мамлекеттер соодада терс сальдо менен чыккан, башкача айтканда, импортко караганда экспорт көп болгон. Ал эми Россиянын экспорту көбөйгөн. Негизи Россиянын ЕАЭБди түзүүдөн көздөгөн максаты да ушул болчу. Бир тараптан мурдагы колонияларынын экономикалык көз карандылыгын күчөтүү болсо, экинчи тараптан Батыштын санкцияларына дуушар болгон жана алардын талабына жооп бербей турган товарлары үчүн базар ачуу эле. Бүгүнкү күндө Россия бул базарды кеңейтүү үчүн Өзбекстан менен Тажикстанга басым өткөрүүдө. Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин отурумунан кийин КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу болуп өтөт. Ал жолугушуунун алкагында Путин Мирзиёевге ЕАЭБге кирүүнү дагы бир жолу сунуштап көрүшү, ал тургай басым өткөрүүгө аракет кылышы күтүлүүдө. 

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here