Тахрири Шамдагы акыл ээлерине: кылмышыңардан этият болгула, өзүңөрдү Умматка каршы коюп жатасыңар!

336
0

Тахрири Шамдагы акыл ээлерине: кылмышыңардан этият болгула, өзүңөрдү Умматка каршы коюп жатасыңар!

«Orient News» сайты хижрий 1441-жылы 10-робиул-аввал, миладий 2019-жылы 7-ноябрь күнү тараткан кабарда мындай делет:

«Идлиб шаарынын жүздөгөн калкы бейшемби күнү Тахрир Шам тарабынан башкарылып жаткан «Инказ өкмөтүнө» каршы демонстрацияларды өткөрүштү. Бул демонстрациялар Идлибдин түштүк-батышындагы Куфри Тахарим шаарчасында эки адамдын өлтүрүлүшү артынан башталды. Демонстранттар «Инказ өкмөтү» менен «Тахрир Шамдын» шаар калкына каршы, айрыкча, Куфри Тахаримдегилерге каршы жасаган кылмыштары үчүн кулатылышы анык экендиктерин баса белгилешти. Белгилүү болгондой, мурдараак Тахрир Шам Идлиб жанындагы Куфри Тахарим шаарына бастырып кирүү максатында шаарды бомбалап, эки кишини өлтүргөн жана бир нече кишини жаралаган. Куфри Тахарим шаарынын калкы демонстрацияга чыгып, ансыз да баалар көтөрүлүп, ресурстар таңкыс болуп жатканда, мыйзам бузуу иштерин токтотууну, «Инказ өкмөтү» аркылуу салык салууну токтотууну Тахрири Шамдан талап кылышты».

Роя гезити:

Тахрир Шамдагы акыл ээлерине: кылмышыңардан этият болгула! Силер адамдардын желкесине минип алган коопсуздук күчтөрүн колдоп-кубатташыңар менен, азат кылынган региондордун калкын экономикалык оор абалга салган Инказ өкмөтүн колдоп-кубатташыңар менен өзүңөрдү Умматка каршы коюп жатасыңар! Демек, Уммат менен кандуу каршылык жолуна өтпөгүлө. Себеби, ал муну эч качан унутпайт. Билип койгула, Түркия силерди колдоп-кубаттоону улантпайт. Акылыңарды иштеткиле, акыры, жетекчилериңер Түркия менен байланышуу аркылуу силерди кайда алып келди?! Куфри Тахаримге америкалыктар кирип келип, өкүмдарлык орнотуу үчүн өз күчтөрүн шаардын кирүү-чыгуу жерлерине жайгаштырды. Ал эми, силердин кошуунуңар ошол убакта Бришиядан чыгып кетти… Уммат буга таң калып жатат! Адамдар силердин салыктарыңардан жана Ислам өкүмдөрүн бузуп жатканыңардан тажады. Этият болгула. Аллахка ант болсун, эгер бул жолку кылмышыңарды аткарсаңар, кийинки кылмышыңарда силерди эч ким куткара албайт. Жетекчилериңер силерди Шам жеринин душманына айлантып жатышат. Эй акыл ээлери жана алардын артында турган аскерийлер, унутпагыла, бул согуш силердин согушуңар эмес… Ошондуктан, бул дүйнөнү жана Акыретти колдон чыгарып коюудан сактангыла. Азыр алдыбызда адамдар туш болгон зулумду токтотуу жана канкор режимге каршы чыныгы согуштарды ачуу маселеси турат. Ушул аркылуу Роббибизди ыраазы кылалы, элдин колдоосуна, биримдигине жетишели.

Сөзүбүздүн соңунда Куфри Тахаримдеги Уммат перзенттерине жана акыл ээлерине айтабыз: силердин күч-кубатыңар тынч аракеттериңерде жана тартып алынган өкүмдарлыгыңарды кайтарып алууда. Ошондой болгон соң, фитна жарчылары силерди кан төгүү оюнуна тартуусуна жол бербегиле. Түркиянын эски-жаңы малайларынан сактангыла. Себеби, силерге каршы соккулар ошолордун колу менен жетет, бүгүн болбосо эртең ушундай болот. Андыктан, түрк режими аракетиңерди тизгиндеп алышына жол бербегиле, козголуңардын максаттарын аныктап алгыла, аны ар түрдүү тыңчылардан сактагыла.

Роя гезити, №260, 2019-жыл, 13-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here