Кыргызстан Өзбекстандын жашылча-жемиштерине убактылуу чектөө киргизет

539
0

Кыргызстан Өзбекстандын жашылча-жемиштерине убактылуу чектөө киргизет 

2019-жылдын башынан бери Өзбекстандан ЕАЭБтин фитосанитардык карантиндик талаптарына жооп бербеген  356 факт катталган. Бул жөнүндө Айыл чарба, тамак аш өнөржайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10 жолу ууланган продукция келген. Акыркы жолу Өзбекстандан ташылып келген анардын ууланганы аныкталган.

 «Мындан кийин Өзбекстандан келген 35,25 тонна башка товар да “Достук” бекетинен өткөрүлгөн жок. Фитосанитардык карантиндик текшерүүдөн өткөндө 35,25 тонна продукциянын (курма, бий алма ж.б) фитосанитардык сертификаты жараксыз жана этикеткасы жок экени такталган» деп жазылат мекеме тараткан маалыматта..

 О.э. ЕАЭБдин талаптарына ылайык, карантиндик товарларды Өзбекстандан ташып келүүгө тыюу салынышы мүмкүн. Айыл чарба министрлигинин алдындагы Өчсүмдүктөрдүн карантини департаменти  Өзбекстандын тийиштүү мекемелерине өсүмдүк азыктарына убактылуу чектөө киргизилип жатканы жөнүндө кат жөнөткөн.

Комментарий:  Кыргызстан Россиянын ЕАЭБ аркылуу Өзбекстанга каршы куралына айланып барууда! Кыргыз бийлиги басым астында ал тургай өз мамлекети жана жарандарынын кызыкчылыктарына тескери чечимдерди кабыл алууга мажбур болууда.

Өзбекстан ЕАЭБге кирүүгө мажбурланууда. Россия Тажикстан тараптан стратегиялык туруксуздук пайда кылуу максатында аскерий коркунуч пайда кылмакчы болуп жаткан болсо, ЕАЭБдин мүчөсү болгон Кыргызстан жана Казакстан аркылуу экономикалык басым өткөрмөкчү болууда. Казакстан Өзбекстан транспортторунун товар алып өтүшүнө жасалма тоскоолдуктарды пайда кылат. Кыргызстан  болсо Кытайдын товарлары Өзбекстанга өтүшүнө тоскоолдук кылуу менен бир катарда мөмө-жемиш, кийим-кече жана керектүү товарларды алып кирүүгө тоскоолдук кылуу аркылуу басым өткөрмөкчү болот.

Кыргызстан Россиянын кызыкчылыгы жолунда өз кызыкчылыгына тескери иштерди кылууга мажбур болууда. Жогорудагы чектөө жана Өзбекстан Россиянын шарттарына ыраазы болбосо алдыда дагы күтүлүп жаткан кескиндиктер Кыргызстан мамлекети менен жарандарынын кызыкчылыктарына  тескери келет.

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here