Трамп Түркиядан санкция алынганын билдирди

371
0

Трамп Түркиядан санкция алынганын билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп Түркияга бир нече күн мурун салынган санкциялар алынганын билдирди. Трамптын айтымында, мындай чечим Түркиянын “Тынчтык булагы” операциясын убактылуу токтотконуна байланыштуу кабыл алынган.

АКШ лидери аскерлерин Сириянын түндүгүнө көчүргөнүн туура кадам катары сыпаттап, калган аймактагы жоопкерчиликти башка мамлекеттер (Түркия, Орусия) алышы керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Түркия Сириянын түндүк-чыгышындагы «Тынчтык булагы» операциясын 9-октябрда баштаган. Анкара бул операция аркылуу Сириянын түрк чегине жакын аймагында коопсуз тилке түзүүнү, ал жерге өз аймагындагы сириялык эки миллион качкынды жайгаштырууну көздөй турганын билдирген. Ошондой эле, бул аймак Орусия, Түркия жана Асад режими тарабынан корголмокчу.

Буга чейин Түркия Сирия аймагында “Зайтун бутагы” жана “Ефрат калканы” деген аталышта эки аскерий операциясын ишке ашырган. Бул өз кезегинде, Америкага малайлык кылган күчтөрдүн позициясын бекемдеген. Кезектеги операция да андан башка нерсе эмес экенин ачык көрсөтө баштады. Ал эми Трамптын Түркияга карата киргизилген санкцияларды алышы буга чейинки АКШ-Түркия ортосундагы кайым айтышуулар “театр” болгонун ырастап койду. Демек, Америка өз малайы Башар Асаддын ордуна татыктуу кадр тапканга чейин анын позициясын бекемдеп бара берет. Бул үчүн Түркия менен Саудия калыс козголоңчу мусулмандарды алдап тузакка тартуусун улантат. Орусия асмандан ракета жаадырып кыргын кылса, Иран менен Асад режими кургактыкта согуш алып баруусун уланта берет. Булардын баары Асадды кулоодон куткарып калууга каратылууда.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here