Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаяты Тунис шайлоолору Батыш өкүмдарлыгын бекемдөө каражаты

361
0

Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаяты

Тунис шайлоолору Батыш өкүмдарлыгын бекемдөө каражаты

«Анадолу» маалымат агенттиги хижрий 1441-жылы 20-мухаррам, миладий 2019-жылы 19-сентябрь күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Хизб-ут-Тахрир Тунис шайлоолорун дагы четке какты. Хизб баса белгилешинче, бул [шайлоо] – «алдоо», Батыш жана капиталисттик мамлекеттердин өлкө токтомдоруна өкүмдарлык кылуусун бекемдөө. Хизб-ут-Тахрирдин Тунистеги саясий бөлүмүнүн башчысы Абдурауф Амирий бейшемби күнү Хизбдин борбор Тунистеги кеңсесинде маалымдаган басма сөз конференциясында: «Биз мурун баса белгилеп келгенибиздей, дагы баса белгилейбиз, бул шайлоо – Туниске зордоп орнотулган Батыш түзүмүн бекемдөө жараяны», – деди. Амирийдин айтымында «Бул да – чет элдин басымы астында жана Ислам акыйдасына тескери түрдө кабыл алынган конституцияга жана мыйзамдарга моюн сунган түзүмдүн дал өзү. Ушул себептен улам, шайлоо ыкмасы өзгөрүүгө алып барбайт». Конференцияда сөз сүйлөгөн Амирий президенттик шайлоонун экинчи баскычына өткөн эки талапкер (Кайс Саид менен Набил Каравий) «калыптанган түзүмдүн сыртынан эмес, тескерисинче, бүгүнкү саясий түзүмдүн борборунан» экендиктерин баса белгиледи».

Роя гезити, №253, 2019-жыл, 25-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here