Кыргызстанда Путин жана Лениндин эстеликтери орнотулду

530
0

Кыргызстанда Путин жана Лениндин эстеликтери орнотулду

Бишкектен 35 км аралыкта жайгашкан “ЗИЛ” тоо-лыжа базасында Чынгыз Айтматов, Владимир Ленин жана Владимир Путиндин колодон жасалган эстеликтери орнотулду.

Россиянын сакафий таасири астындагы мамлекеттердин сап башында Кыргызстан турат. Бирок, акыркы кездерде Россия региондогу сакафий кубатын жоготууда. Жогорудагы эстеликтердин орнотулушу, биздикилердин Россияга, аныгыраагы, Путинге жагынуу аракети болуп эсептелет. Ошого карабастан, элдин бул иштерге кайдыгерлиги элдин сакафий жактан орустарга ыктоосу бар экендигин билдирет.

Шариятта бул сыяктуу эстеликтерди орнотуу арам. Мындан тышкары, бул сыяктуу эстеликтер Кыргызстан калкындагы оруска карата сакафий кулдук сезимин ого бетер күчөтөт. Өткөн кылымдын башында миллиондогон мусулман ата-бабаларыбызды массалык кыргын кылган Россияны жакшы көрүү жана ага моюн сунуу сезимин күчөтөт. Натыйжада, Россиянын экономикалык, саясий жана аскерий зулумдарын сезбей калабыз. Сакафий колония дегени ушул. Башкача айтканда, элде сакафий колонизатор мамлекетке карата жек көрүү сезими пайда болбой калат. Ал тургай, ал тараптан болуп жаткан зулум же кооп-коркунучтарды көрүп турса да, ага каршылык көрсөтө албай турган абалга түшүп калат.

Эй боордоштор, куфр баалуулуктары кирип келишине кайдыгер болбойлу. Бул баалуулуктардын ар биринде эки жамандык болот. Биринчиси, динибизге сокку берүү үчүн куфрдун идеологиялык кызыкчылыгы болсо, экинчиси, бирер жетекчи мамлекеттин кызыкчылыгына каратылган сакафий колония кызыкчылыгы болот!

Эй боордоштор, кичинекей болуп көрүнгөн иштердин артында өтө чоң кызыкчылыктар жатат, ошондуктан, сак бололу!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here