«Коопсуз шаар» долбоорун Кытай компаниясы ишке ашырат
«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы боюнча тендерди кытайдын «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы ишке ашырат. Бул тууралуу 16-сентябрда Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.
Утуп чыккан компания Кыргызстандын 17 шаарында жана 73 калктуу конушунда видеокамерадан байкоочу жабдуу орнотуп, жол эрежесинин бузулушун каттайт. «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы быйыл февралда башталып, анда «Вега» компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон.
Кыргызстандын тышкы карыздарынын тең жарымына жакыны, тагыраагы 1,7 миллиард доллар Кытайдан алынганы белгилүү. Мындан улам, Кытай өлкөдө экономикалык кызыкчылыктарынан тышкары, эми маалымат үчүн күрөштө да кадамдарын таштай баштады. Буга Орусиянын экономикалык жактан алсырап баруусу да чоң мүмкүнчүлүк берүүдө. Муну жогорудагы стратегиялык долбоордо кытай компаниясы орус компанияларын артта калтырганы тастыктап турат.
Буга чейин Кытай Кыргызстанда адамды кебетесинен тааный турган камералар системасын орнотоору кабарланган. Келишим 2019-жылдын 4-мартында Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен кытайлык CEIEC (China National Electronics Import & Export Corporation) компаниясынын ортосунда түзүлгөн. Долбоор 2022-жылга чейин бир нече баскыч менен ишке ашырылмакчы. Каржы жагы болсо “эл аралык кызматташтыктын” алкагында Кытай тараптан камсыздалат.
Кытай бул долбоорлор аркылуу бүгүнкү Цинзяндагы репрессиялык саясатын эртең Кыргызстанда да улантууну көздөп жатат. Кытайдын ушундай “коопсуздук” көзөмөлдөрү айынан, бүгүн Синьзяндагы лагерде үч миллиондун тегерегинде уйгур, казак, кыргыз, дунган улутундагы мусулмандар камалып жатат. Бул лагерге чет өлкөдө туугандары барлар, кытай тилин билбегендер, кытай мыйзамдарын тааныбагандар, исламий баалуулуктарды бекем кармангандар камалат. Аларга мажбур түрдө кытай тили, мыйзамдары, революциялык ырлар үйрөтүлөт жана дининен, чет жактагы туугандарынан баш тартуу талап кылынат. Мындай зулумдуктан улам өлкөдөн качып чыккан мусулмандар, Борбор Азия жана Түркияга жайгашышкан. Бул өлкөлөрдөгү акимдердин саткындыктары себептүү алардын ыйманы менен жаны кайрадан коркунуч алдында калууда.
Ошондуктан, Кытай компанияларын биз инвесторлор деп эмес, Кытай баскынчылыгынын бир бөлүгү катары карашыбыз о.э. Кытайдан келип жаткан коркунучту көрүшүбүз зарыл.
Мумтаз Маверанахрий