Исламдагы башкаруу формасы аскерий да, жарандык да эмес, ал – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык

464
0

Исламдагы башкаруу формасы аскерий да, жарандык да эмес, ал Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын маалымат бөлүмү жарыялаган билдирүүдө мындай делет:

«Эски Инказ режими кулатылгандан бери өлкөдөгү экономикалык жаман абал андан да оорлошту. Негизи, адамдар режимге каршы козголгондо адилеттүү жана бейпил жашоо болот деп үмүттөнүшкөн. Бирок, зулум, кыргын, азап-кыйынчылыктардан башка нерсени көрүшпөдү… Баалар көтөрүлүп, күйүүчү май продукциялары жана нан танкыстыгы дагы да күчөдү… Мына ушундай учурда Аскерий Кеңеш менен «Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрү Судан ичинде жана сыртында арты үзүлбөгөн сүйлөшүүлөрдө жаңжалдашууда. Экөөсүнүн тең максаты бир, ал да болсо, бийликтен чоңураак үлүшкө ээ болуу. Абяз сыяктуу шаарларда көтөрүлгөн жаштарга карата ак атылды… «Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрү болсо, мындан Аскерий Кеңешке басым кылууда пайдаланып, ушул бечаралардын каны үстүндө соодалашып жатат».

Билдирүүдө Аскерий Кеңеш куралсыз адамдардын канын төгүүдөн эскертилген. Ошону менен бирге, «Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» күчтөрү жана башка саясий кыймылдар да арзыбаган мата акысына т.а. шаръий түрдө бүтүндөй негизсиз болгон батыл жарандык башкаруу үчүн жаштардын канынан пайдалануудан эскертилди. Исламда башкаруу аскерий да, жарандык да эместиги, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык экени, ушул башкарууда адамдар каны сакталып, ар бир мусулмандын тебеленген намысы үчүн өч алынышы баса белгиленди.

Роя гезити, №247, 2019-жыл, 7-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here