Россия Сирияда “террорчулар” деп кимдерди айтууда?

436
0

Россия Сирияда “террорчулар” деп кимдерди айтууда?

Башар Асадга караштуу SU-22  учагы Сириянын Хама шаарынын түндүгүндө жай тургундар үстүнө бомба жаадырып жаткан учурда оппозициялык топ тарабынан атып түшүрүлдү. Учактын тирүү калган учкучу Идлибде абадан жана кургактыктан уюштурулуп жаткан бардык кыргындарды Россия күчтөрү башкарып жатканын айтты.

“Кайсы жерге чабуул кылынышы Россиянын планы менен ишке ашырылат. Асмандан уюштурулуп жаткан чабуулдар Россиянын колдоосу менен ишке ашат. Жерде уюштурулуп жаткан чабуулдар да кудум ушундай”, – деди туткунга түшкөн учкуч.

Буга чейин Россия Сириядагы кыргындарды Түркия менен биргеликте ишке ашырып жатканын, башкача айтканда, Түркиянын жардамы менен жана андан алынган маалыматтарга таянып “терррорчулар”га чабуул кылып жаткандыгын билдирген. Түркия бийлиги болсо муну четке какпады. Тескерисинче, Сирияда “террорчулар”га каршы Россия менен кызматташып жатканын билдирип келет.

Белгилүү болгондой, Россия террорчу дегенде оппозициялык топторду назарда тутат. Учурда Сириядагы эң күчтүү оппозициялык топ “Тахрируш Шам” тобу. А бирок, ал да Түркиянын көзөмөлүндө. Бул нерсе ачык көрүнүп турган акыйкат. Башка топтор болсо дээрлик чачырап кетти, карапайым калк гана калды. Демек, Россия “террорчулар” дегенде Сирия калкын назарда тутуп жатат. Россиянын аскерий учактары да карапайым калкты кыргын кылып жатканы жашыруун сыр эмес. Россия “террорчуларды бутага алдык” дегенде, бутага алынган жерлер – мечиттер, мектептер, оорукана жана базарлар сыяктуу карапайым калк топтолуучу жерлер экендиги белгилүү боло. Мисалы, БУУнун өзү отчётто келишинче, акыркы үч жарым айда беш жүздөн ашуун жай тургун өлтүрүлгөн. Мына ушундан Россия “террорчулар” деген шылтоо менен жана Түркиянын жардамында кыргын кылып жаткан адамдар шарияттан башкасына ыраазы болбой жаткан Сириянын мусулман калкы экендиги көрүнүп турат. Ушундай болгон соң, бүт дүйнөдөгү мусулмандар өз акимдеринин мындай кыянаттарына сүкүт сактап турбастан, аларды кыянаттан тыйып коюу үчүн бар болгон мүмкүнчүлүгүн ишке салышы важиб.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here