Эгер, кыянаттык болбогондо, яхудий вужуду бир саат да турбайт эле

532
0

Эгер, кыянаттык болбогондо, яхудий вужуду бир саат да турбайт эле

Устаз Халид Саид

Хизб-ут-Тахрир–Фалестин

маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Региондогу саясий абал да, Фалестин жеринин баскынчысы яхудий вужудунун тикелениши тушунда жүзөгө келген өзгөрүүлөр да белгилүү. О.э. Усманий Халифалык мамлекети кулашы акыбетинде бүткүл мусулман өлкөлөрүндө, өзгөчө, араб өлкөлөрүндөгү малай режимдер пайда кылган кырдаал да эч кимге сыр эмес. Британия жетекчилигинде, колонизатор кафир Батыштын планы боюнча араб жана түрк саткындары жардамында Усманий Халифалык мамлекети кулатылган.

Халифалыктын кайра тикеленишине тоскоолдук кылуу, Умматтын бир вужудда биригишине, Исламдын жашоодо колдонулушуна жол бербөө, Исламдын эл аралык майдандагы активдүүлүгүн токтотуу, миң жылдан ашык убакыт биринчи мамлекет катары Ислам мамлекети башкарып келген эл аралык түзүмдүн кайра түзүлүшүнө жол бербөө, ушул жана башка карасанатай максаттар Батышты Умматтын денесине айыккыс шишик катары яхудий вужудун орнотууга үндөдү. Бул вужуд Батыш үчүн эң өнүккөн техника жана массалык кыргын куралы жана алдыңкы аскерий база катары кызмат кылды. Муну менен бирге, Уммат арасында улутчулдук жана жасалма эгемендүүлүк түшүнүктөрү киргизилди, Умматты дагы да бөлүп жаруу үчүн улуттук мамлекеттер түзүлдү, ар бир мамлекеттин башына рувайбиза акимдер орнотулду, алар яхудий вужудун коргоодон, колонизатор кафир кожоюндарынын кызыкчылыгын коргоодон башка ойлобогон акимдер болушту.

Ушул көз карашка ылайык, регион жана анын саясий картасы түзүлдү. Бахрейн акимдери жана аларга окшогон башка батышчыл акимдер аларга кандай вазыйпалар милдеттендирилгенин жакшы түшүнүштү. Муну Бахрейн тышкы иштер министри Халид ибн Ахмад Ал Халифа «Times of Israel» гезитине берген интервьюсунда ачык айтып: «Израиль» бар жана түбөлүк, биз ал мамлекет менен тынчтыкта жашоону каалайбыз», – деди. Анын билдирүүсүнөн көрүнгөндөй, араб мамлекеттеринин демилгеси – ушул мамлекеттердин акимдеринин «Израиль» менен тынч жашоого болгон терең ишеними, болгону айрымдары муну ачык билдирбей жашырып келишүүдө. Алар бийликте калуу үчүн Батыштагы кожоюндары тапшырган вазыйпаларды күжүрмөн аткарышат. Бул болсо, өз кезегинде, Батыштын мындай сакчылары анын долбоорун эч кандай чектөөсүз же шартсыз аткарып жатышканын көрсөтүүдө. Буга АКШ президенти Трамптын король Салманга телефон аркылуу айткан сөздөрүнөн жаркын далил болбосо керек. Трамп мындай деген: «Король мырза, биз сизди коргоп жатабыз, биз болбосок, эки апта да тактыда тура албайсыз. Ошондуктан, мунун финансылык акысын төлөшүңөр керек».

Акимдердин кыянаты болбогондо, яхудийлер мубарек Фалестин жеринде бир саат да тура албайт эле, акимдер да, Уммат да жакшы билет. Бирок, Уммат саясий оюндар жана жасалма күрөштөр акыбетинде көп соккуларга учурады. Анын үстүнөн акимдер тажрыйба өткөрүп, «каршы күрөшө албайсың, вакиъликке моюн сунуудан башка аргаң жок» деп ишендирүүгө урунуп көп ирет ийгиликсиздикке учурашты. А түгүл, яхудий вужудун жок кылуу жана бул жөнүндө ойлоо – куру кыял болуп калды. Бул вужудду региондун бир бөлүгү кыла турган моюн сунуу чечимдери ортого салынды. Бул маселени жок кылуу үчүн – эки малекет чечими жана бир мамлекет чечими сыяктуу – ар түрдүү наамдар жана шылтоолор астында аракеттер башталды. Кийин, Фалестин маселесин бүтүндөй жок кылуу максатында Трамп планы пайда болду. Трамп жана анын планга жоопкер тобу даярдаган бул пикир эң жогору деңгээлде көтөрүлдү, а түгүл, ал «Кылым келишимине» айланды. Бул келишим кудум регион жараларына дабаа боло тургандай кылып көрсөтүлдү. Бирок, түпкүлүгүндө, бул план да мурдагы пландардан жана демилгелерден негиз жагынан айырмаланбайт. Себеби, алардын баарында яхудий вужуду жана коопсуздугу негизги маселе, талкууга алынбай турган токтом болуп эсептелет. Фалестин калкынын акы-укуктары туурасындагы сунуштар болсо, Батышты ыраазылыгынан чыкпай турган көрүнүштө мусулман өлкөлөрүндөгү малай режимдердин мойнуна жүктөлгөн. Фалестин маселеси пайда болгондон бери ушул режимдер алектенип келген иштердин чындыгы мына ушундай. Жакында Бахрейнде өткөрүлгөн экономикалык конференцияда да мына ушул иштер көрүндү. АКШ чакыруусу менен уюштурулган бул конференцияга президент Трамптын кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнер жетекчилик кылды. Кушнер семинарда: «Бул Бахрейн конференциясы Жакынкы Чыгыш проблемасын экономикалык жол менен чечүү мүмкүн экендигин көрсөтүүдө», – деп билдирүү берди.

Ушуну өзүнчө баса белгилөө зарыл, Фалестин маселесин жок кылуу максатында мажбур сунушталып жаткан бул чечимдердин жана демилгелердин баары ийгиликсиздикке жүз тутту. Бул, бизди бир жактан, үйрөнүүгө жана ибрат алууга чакырып жаткан болсо, башка жактан, ушул чечимдердин жана демилгелердин ээлери Фалестин маселесинин маанисин бүтүндөй түшүнбөй жатышканын көрсөтүүдө. Маселенин маани-мазмуну ушул – Фалестин маселеси материалдык жардам көрсөтүү долбоорлору аркылуу чечиле турган гуманитардык маселе да, чегараларды белгилөө менен чечиле турган маселе да эмес. Жок, бул маселе Ислам акыйдасы негизинде чечиле турган маселе болуп, ал жер шарында жашаган бир жарым миллиард мусулмандын акыйдасына бекем байланган. Бул алардын гана эмес, алардын ата-бабаларынын, кыямат күнүнө чейинки урпак-муундун жалгыз акыйдасына байланыштуу исламий маселе. Ырас, жер-асман турган соң, Исра сүрөсү ооздордо тилават кылынып жаткан соң, бул маселе мусулмандардын жүрөгүнөн өчпөйт. Трамп жана анын айланасындагы Кушнер, Гринблатт сыяктуулар Фалестин калкына жана Исламий Умматка 50 миллиард доллар пара берсек, Фалестин жөнүндөгү убада-шерттерин сатып жиберишет деп ойлошууда. Алар эмне үчүн минтип батынып жатышат? Себеби, алар бет маңдайда Халид ибн Валид сыяктуу улуу позицияда турган эр жүрөк мусулман акимдерин көрбөй жатышат. Рум падышасы Хаман Халид ибн Валидге мындай деген: «Билишибизче, өлкөңөрдөн кыйынчылык жана ачкачылык себептүү бизге жүрүш кылып келдиңер, кааласаңар, ар бириңерге он динар, кийим-кече жана азык-оокат берели, өлкөңөргө кайтып кетесиңер, кийинки жылы дагы ошончо беребиз». Халид ибн Валид бул адепсизге: «Биз өлкөбүздөн, сен айткандай ачкалыктан улам чыкканыбыз жок, балким, биз кан ичкени келдик, румдуктар канынан таттуураак кан жок экен деп уктук, ошол үчүн келдик», – деп жооб берген.

Шексиз, бул яхудий баскынчыларды титиретип, вужуду менен кошо кыйрата турган күн өтө жакын, инша Аллах.

﴿وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هُوَ قُلْ عَسَىٰ أَن يَكُونَ قَرِيباً﴾

«Ал качан болот? деп (сурашат). Балким, жакында болоор, деп айткын!»             [17:51]

Ал күндө яхудийлерге бүткүл дүйнө күчтөрү да, малай рувайбиза акимдер да кымындай жардам бере албайт.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here