Хусийлер Абха аэропортуна чабуул кылышы англистер четке каккан АКШ саясий чечимин тездетүүгө багытталган

357
0

Хусийлер Абха аэропортуна чабуул кылышы англистер четке каккан АКШ саясий чечимин тездетүүгө багытталган

Устаз Шайиф Шарадий – Яман

Акыркы учурларда Хусийлердин иш-аракети абдан тездеди. Хусийлерди жеңилгис күчтүү кылып көрсөтүү аракеттери болуп жатат. Хусийлер Саудия менен чектешкен Хажжа аймагындагы Хажур уруулары регионун көзөмөлгө алышты. Саудия бул урууларды атайылап Хусийлерге тапшырды т.а. аларды коргоо үчүн эч нерсе кылган жок. Кийин Хусийлер бүткүл Каътабаны көзөмөлгө алышты, эч бир кыйынчылыксыз Зали аймагынын чоң бөлүгүн ээлешти, үлкөн курал-жарактарга ээ болушту. Америка ошол жердеги каршылык кыймылынын ичине кирип алган, Хусийлер Нажрон фронтунда алга жылышты. Саудия баллистикалык ракеталар менен белгилүү бир убакыт чабуул уюштурду.

Абха аэропорту 2019-жылы 12-июнь күнү эрте менен Хусий согушкерлеринин ракета чабуулуна кабылды. Чабуул акыбетинде 26 жаран жараат алды. Жарадарлар арасында үч аял жана эки жаш бала бар. Ошол күнү араб мамлекеттери коалициясынын маалымат катчысы полковник Туркий Маликий мындай билдирүү берди: «Түнкү саат 02:20да Абха аэропортунун жолоочулар турган залына Хусийлер аткан ракета келип жарылды. Чабуул акыбетинде 26 адам жараланды, алардын үчөөсү аял жана экөөсү жаш балдар». (Худхуд онлайн).

Хусийлер күчтүү жана алардын ракетасына каршы турууда Саудия режими алсыз, чегингендей көрсөтүлүп жатканынан – экөөсү Америка ыраазы болгон саясий чечимге келишип алышканы көрүнүүдө. Хусийлер да, Салман да – Америка малайы. Америка Саудия үй-бүлөсүнүн акимдери ачыктан-ачык анын малайы экенин билдирип, Хусийди бекемдөөдө. Америка малайы Хусийди бул согушта өстүрүп даярдады. Бул колонизатор мамлекет Саудия акимдери менен ашкере келишип, «Чечкиндүүлүк бороонунан» тартып Хусийди бекемдөөгө, ага каршы болгон бардык күчтөргө сокку берип, аны элдин колдоосуна жетиштирүүгө жана бийликке алып келүүгө аракет кылып жатат. Америка Ирандан коргоп жатканын шылтоолоп Салман жана анын уулун регион мамлекеттеринин бюджетинен да чоң көлөмдө каражат төлөөгө мажбур кылууда. О.э. Америка аларды илманийликти ачык көрсөтүүгө, калыс инсандарды куугунтук кылып, камакка алууга үндөп жатат. Салман Американын этегин кармап жүргөндөй көрсөтүлүп, ал эми, Хусийдин малайлыгы жашырылууда. Бул нерсе аброю төмөндөп бара жаткан Хусийди Яман калкынын колдоосуна жетиштирип, бийликке алып келүүгө багытталган.

Саудия Америка мажбурлап жаткан саясий чечимге каршы эмес. Саудия бул чечимдин батыраак ишке ашуусун каалайт. Анткени, согуш мамлекеттин айласын кетирип, байлыктарын соруп жатат. Бирок, Саудия бул чечимди кааласа да, мамлекет ичинде бул саясий чечимге коомдун колдоосун даярдап, Хусийди кубаттуу кылып көрсөтмөкчү. Мамлекет элге «Силер Хусий коркунуч гана эмес, аны курал менен камсыздап жаткан Ирандын да коркунучу астындасыңар» демекчи. Саудия мамлекет ичиндеги англистердин адамдарын кысымга алууда. Анткени, бул адамдар дале англистердин буйруктарын аткарып келишет. Алардын баарынан кутулуу оңой эмес. Алар өзүлөрүн Салманга жана анын уулуна берилгендей кылып көрсөтүшөт. О.э. сүйлөшүүлөргө жана саясий чечимге тышынан караганда ыраазы болуп көрүнүшсө да, түпкүлүгүндө аскерий чечимди каалап жатышат. Ошондуктан, Саудия өз эли алдында Хусийлерден өзүн коргой албай жаткандай кылып көрсөтүүгө урунуп, саясий чечимге ыраазы болбоого аргабыз жок, мунаса чечим баарын ыраазы кылат деп жатат.

Бирок, англистер саясий чечимге каршы, сүйлөшүүлөрдү араң эле кабыл алышып, ошол эле учурда, сүйлөшүүлөрдү ийгиликсиздикке учуратууга аракет кылып жатышат. Хадий өкмөтүнүн тышкы иштер министри Халид Яманий Хадида боюнча Швеция конвенциясы аткарылбай жатканын, БУУ өкүлү Мартин Гриффит Хусийлер тарапта турганын айтып отставкага кетти.

Америка текебердик жана зордукчулугу аркылуу саясий чечимди зордоп ишке ашырышы мүмкүн, айрыкча, англистер аракети алсыздай баштаганда. Бирок, Британия абдан айла-амалдуу. Ал да Америка каалап жаткан саясий чечимди ийгиликсиздикке учуратуусу мүмкүн. Мисалы, Британия Хадидада Хусийлердин таасирин чектөө шарты менен саясий чечимге ыраазы болушу да мүмкүн. Эгер, андай болсо, Хусийлер шарт коё албай турган даражада күчсүздөнүп калат. Натыйжада, Яманда эң күчтүү таасир ээси англистер болуп калат. Америка мына ушуга тынчсызданып жатат жана мындай шарттарга таптакыр ыраазы болбойт. Ал Швеция сүйлөшүүлөрүндө Хусийлердин пайдасына чечим чыгара алды. Анткени, Хадида жана анын үч порту дагы эле Хусийлердин колунда турат.

Бу саясий чечим Америка каалагандай чечилеби, же Британия каалагандай чечилеби, же чечилбейби, айырмасыз, Яман колонизатор душмандардын колунда кала берет. Душмандар өзүлөрүнүн кылмышкер малайлары аркылуу өз пландарын аткарышат. Ортодо курман болгондор жана эки учурда тең уттургандар Яман калкы болот.

Яман калкы ушуну жакшылап түшүнүүлөрү зарыл, эгер алар колонизатор душмандар мажбурлап жаткан саясий чечимге ыраазы болушса, бул жаандан качып, мөндүргө кабылуу менен барабар. Анткени, эки чечим тең карамүртөз чечим. Мисалы, согушту улантуу менен кан төгүлөт, өлкө ойрон болот, байлыктар талап-тонолот жана бузгунчу мыйзамдар мажбурлап колдонулат. Саясий чечим куфр мыйзамдары колдонулушуна, Ислам четке сүрүлүп, илманийлик колдонулушуна алып келет. Муну менен мусулмандар шахсиясы жоюлуп, өзгөрөт. Алар душманга итаат кылуу жана Роббиге көнөөкөр болуу менен беш жүз жылдык аралыктан көрүнүп турган жана (кафирлердин) эч бирин калтырбастан өрттөй турган тозокко түшүү коркунучуна кабылышат.

Жакшылык – колонизатор кафирлердин чечимдерине ыраазы болбой, Аллахтын бекем арканын кармап, рошидиндер Халифалыгын кайра тикелөөгө аракет кылуу. Халифалык бүткүл аалам Роббиси Өзүнүн Расулуна түшүргөн динибиздин өкүмдөрүн колдонот. Эң туура нажат жолу – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекети саясында бүткүл аалам Роббисинин шариаты колдонулушу үчүн Хизб-ут-Тахрир менен бирге аракет кылуу. Аллах Субханахуга дуа кылып, Ислам Умматына Хизб-ут-Тахрир жетекчилигинде ушул мамлекеттин тез күндө тикеленишине жеткиришин сурайбыз. Бул Аллахка кыйын эмес.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here