Кыргызстан Кытайдан дагы карыз алат!

631
0

Кыргызстан Кытайдан дагы карыз алат!

Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков ШКУнун кезектеги саммитине катышуу үчүн Бишкекке келген Кытайдын жетекчиси Си Цзинпинди тосуп алды. Жолугушууда Кытай Кыргызстанга гранттык негизде 600 миллион юань  (86 миллион доллар)  берери айтылды. Президенттин билдиришинче, бул каражат транспорт, энергетика жана жолу куруу иштерине жумшалат имиш.

Финансы министрлигинин үстүбүздөгү жылдын февраль айындагы отчётуна ылайык, Кыргызстандын жалпы карызы 4 миллиард 484 миллион долларга жеткен. Бул сумманын 3 миллион 827 миллиону тышкы карыз болсо, анын 1 миллиард 722 миллиону (45%) Кытайдан.

Комментарий:  Ушул күндөрдө Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу аракети күчөдү. Буга экс-президент жана анын айланасындагы жетекчи топтун Кытай менен мамиледеги бир катар коррупциялык иштери себеп болууда. Башкача айтканда, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ экс-министрлер Кытай менен келишимдерде бир топ коррупциялык иштерге аралашкандыгы аныкталууда! Демек мурунку бийлик ишке ашырган кылмыштардын бардыгы мамлекеттик башкаруу механизми ката негизде экендигинен о.э. тышкы ири мамлекеттерди ички иштерибизге аралаша турган кылып койгон эл аралык саясаттын кесепетинен болууда!

Атамбаев президенттиктен кетти. Анын жетекчи тобу Жээнбеков тарапка өтүп барууда. Башкаруу системасы да мурунку бойдон. Башкача айтканда, парламентти да министрликтерди да, сот жана башка күч түзүмдөрүн да президент башкарууда. Демек элдин мойнуна илинип жаткан карыздардын бардыгын дагы деле ошол топ көзөмөлдөйт. Эмне өзгөрдү? Алынып жаткан карыздарды булар өздөштүрүп албастыгына кандай кепилдик бар!

Пайгамбарыбыз с.а.в.: “Момун бир тешиктен эки жолу чактырбайт”, –  деген. Кыргызстандагы эки күч (позиция, оппозиция) кырдаалды дагы кайрадан курчутуу максатында жакында элге кайрылуу жасаганы турат. Боордоштор, алардын бири экинчисинен жакшы эмес! Проблема куфр дүйнөсүнүн кызыкчылыгына түзүлгөн дүйнөлүк жана жергиликтүү башкаруу түзүмүндө. Т.а. учурдагы жетекчи топтор бири-бири менен элдин кызыкчылыгы үчүн күрөшүп жаткан жери жок! Алар элдин атынан карыз алышат! Элдин атынан каалагандай пайдаланышат. Карыздарды болсо жакында биз төлөй баштайбыз!

Демек, биз мусулмандар жетекчи топтордун кызыкчылыгы үчүн бири-бирибизге каршы аракет кылуудан тыйылалы. Ар бир иш-аракетибиз Аллахтын көзөмөлүндө экендигин жана алар үчүн албетте жооп берерибизди унутпайлы! Демек, мал-жаныбызды курмандыкка берип жатып, эки дүйнө кызыкчылыгы негизинде аракет кылалы! Себеби, Аллах Таала берген мүмкүнчүлүктөрдөн албетте эсеп-китеп кылат!

Абдураззак Мумин

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here