Россия Тажикстандагы аскерий базасын жаңы куралдар менен жабдыйт

425
0

Россия Тажикстандагы аскерий базасын жаңы куралдар менен жабдыйт

РФ коргоо министри Сергей Шойгу Душанбеге жумушчу сапар менен барды. Ал 28-майда Тажикстан жетекчилиги менен республиканын куралдуу күчтөрүн модернизациялоо жана Россиянын №201 аскерий базасы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.

 “Бул маселелерди бүгүн Тажикстандын коргоо министри Мирзо Шерали менен талкуулоо пландаштырылууда”, – деп айтылат кабарда.

О.э. сапардын алкагында Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуу да пландаштырылган.

Кабарда: “Сүйлөшүүлөрдүн  негизги темасы – Тажикстанда жайгаштырылган Россия аскерий базасын жаңы үлгүдөгү куралдар менен камсыздоо жана Тажикстан армиясын модернизациялоо”, – деп айтылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here