СИСИНИН МОСКВАГА САПАРЫ АКШГА КАТУУ ТИЙДИ

330
0

Россиянын президенти Владимир Путин Мисирдин коргоо министри Абдулфаттах ас-Сиси менен Москвада жолугушуп, аны Мисир президенттигине талапкер катары колдоп-кубаттай тургандыгын билдирди.

Путин Сисиге: “Өзүмдүн жана Россия калкынын атынан сизге ийгилик каалаймын”, – деди

Бирок, Мисирдин коргоо министри Абдулфаттах ас-Сиси бүгүнкү күнгө чейин президенттикке талапкердигин койгондугун ачык жарыя кылган эмес.

О.э. Сиси Москвада кесиптеши Сергей Шойгу жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен да жолугушту. РИА Новости маалымат агенттигинин жазышынча, Сиси жана Шойгу аба, деӊиз жана кургактыкта ортоктош манёвр өткөрүү үчүн келишимге кол коюшкан.

Путиндин Сиси менен жолугушуусунан жана Путин аны колдоп-кубаттагандан бир нече саат өткөндөн кийин, буга АКШ тараптан мамиле билдирилди. Кошмо Штаттардын билдиришинче, Мисир президентин тандоо Россия президентинин иши эмес.

АКШ тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Харф маалымат жыйынын өткөрүп, Москванын Каирге жакындашуусу АКШ-Мисир алакаларына зыян жеткире албастыгын баса белгиледи.

Харф Каирдин башка мамлекеттер менен алака орнотууда эркин экендигине ишара кылып: “Москва менен Каирдин жакындашып баруусу АКШ менен Мисир ортосундагы узак тарыхка барып такала турган күчтүү алакаларга таптакыр зыян жеткире албайт”, – деди.

Аскерий жана экономикалык жактан Мисирди колдоп-кубаттоо кудуретине ээ болгон жападан жалгыз мамлекет АКШ экендигин баса белгелеген Харф: “Бул иш эки мамлекет ортосундагы ортоктош кызыкчылыктарга таасирин тийгизбейт”, – деп  билдирди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here