Кытай өкмөтү мусулмандарга каршы күрөштө Түркиядан жардам сурады

453
0

Кытай өкмөтү мусулмандарга каршы күрөштө Түркиядан жардам сурады

 “Reuters” агенттиги кабарлагандай, Кытай өкмөтү Түркияга күтүүсүз сунуш менен кайрылды. Кытай Түркиядан  Шинжаң-Уйгур автономиялуу облусундагы исламий  согушкерлерге каршы күрөштө жардам сурады.

Анкарада расмийлер менен жолугушууда Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Түркияга урматын билдирип,   Түркия өкмөтүнүн суверинитет жана улуттук  коопсуздукту колдоо жолундагы иш аракеттерин жогору баалады.

Дипломат түрк өкмөтүн “Чыгыш Түркстан исламий кыймылына”  каршы күрөштө  стратегиялык кызматташтыкка чакырды. Агенттиктин кабарлашынча, эл аралык мамилелер боюнча адистердин пикиринде мындай топтор бар экендиги күмөн бойдон калууда.

Уйгур мусулмандарды мажбурий лагерге жөнөтүп, үй-бүлөсүнөн ажыратты. Ар бир  иш мекенди сүйүү урааны астында ишке ашырылды. Батыш мамлекеттери 2017-жылдан бери, Кытай Шинжаңда  кайра тарбиялоо лагерлери аркылуу зулум кылып жатканын билдирип келишет. Кабарларда келишинче, бүгүнкү күндө саясий тарбиялоо лагерлеринде миллионго жакын мусулман жатат.

Расмий Пекиндин билдиришинче, бул борборлор экстремизмге каршы программанын бир бөлүгү болуп эсептелип, ал жерде билим алуу менен бир катарда пайдалуу өнөрлөрдү үйрөнүү мүмкүнчүлүгү бар.  Ал эми ошол эле учурда билим берүү лагерлеринде адамдарды кайрадан тарбиялоо максатында, түрдүү азаптарга дуушар кылуу абалдары жүз берүүдө.(Бул нерселерге да кайра тарбиялоо программасынын бир бөлүгү деген комментарий берилүүдө).

Бирок Кытай өкмөтү көпкө чейин мындай лагерлер бар экендигин четке кагып келди. Өкмөт кайра тарбиялоо лагерлери бар экендигин алгачкы жолу былтыркы жылдын октябрь айында моюнга алып, аны “идеологиялык тарбия булагы, ахлакий түзөтүү борбору жана мамлекеттик (кытай) тилди үйрөнүү мектеби” деп атады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here