АКШ мурун Хафтарды жашыруун колдоп келген болсо, эми ачык эле колдомой болду

393
0


12-майда «The Wall Street Journal» гезити ачыктагандай, АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Египеттин жана Сауд Арабиянын басымы астында Ливия улуттук армиясын жетектеген Халифа Хафтарга колдоо көрсөтүүгө токтом кылды. Гезит өз булагына таянып маалымдашынча, АКШ администрациясындагы кызматкерлер, саудиялык чиновниктер, Сауд Арабиянын жана Египеттин лидерлери президент Трампка таасир кылып, аны АКШнын Ливияга карата багытын өзгөртүүгө жана Хафтарды колдоого алдырууга жетишкен.

Ошентип, АКШ мурун Хафтарды жашыруун колдоп келген болсо, эми жогорудагыдай шылтоо менен ачык эле колдоого өттү. Учурда Ливияда эки өкмөт иш жүргүзүп жатат: Триполиде британиячыл Фаиз Сараждын Улуттук кеңешүү өкмөтү жана чыгышта америкачыл Хафтар колдоп жаткан убактылуу министрлер кабинети. 4-апрелде Ливия улуттук армиясынын башчысы Халифа Хафтар Триполидеги өкмөткө каршы чабуул баштаган.

Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here