Афганистан өкмөтү “Талибан” менен сүйлөшүүлөргө 250 адамдык делегация жөнөтөт
Афганистан өкмөтү “Талибан” кыймылы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Катарга 250 адамдан турган делегация жөнөтөрүн билдирди.
Делегациянын курамында өкмөт расмийлери, оппозиционерлер, уруу башчылары, диний жетекчилер жана журналисттер бар.
Кабарда келишинче, Афганистан өкмөтү “Талибан” кыймылы менен акыркы сүйлөшүүлөрдү 2013-жылы өткөргөн. Бирок, ал сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаган.
Апрель айынын башында, эгерде “Талибан” афган өкмөтү менен түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө ыраазы болсо, Ташкент сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылышы мүмкүн экендигин билдирген.
Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жана Өзбекстандын Афганистан маселеси боюнча атайын өкүлү Исматулла Эргашев 4-март күнү Катарда “Талибан” амиринин жардамчысы Абдулгани Бародар менен жолугушкан. Ошондо Бародар 2018-жылдын март айында Ташкентте Афганистан маселеси боюнча өткөрүлгөн эл аралык конференциянын натыйжаларын жогору баалаган.
Белгилүү болгондой, “Талибан” Афганистан өкмөтүн мыйзамсыз өкмөт деп эсептейт. Ошондуктан, талиптер афган өкмөтү менен түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдөн баш тартып, АКШ расмийлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келет.