Хизб-ут-Тахрир–Фалестина Халифалыктын кулатылганынын 98 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды баштады

448
0

Хизб-ут-Тахрир–Фалестина Халифалыктын кулатылганынын 98 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды баштады

Ражаб айында Халифалык кулатылганы эскерилүүдө, мунун артында Үммөт үчүн жакшылык кушкабары бар. Анткени, бул Үммөт чалынып кулоо артынан турууга жана кайра өнүгүүгө адаттанган. Үммөт жеңиш себептерине, илахий мабдага жана хазарий долбоорго ээ. О.э. ал ушундай бир эр-азаматтарга ээ, бул эр-азаматтар Аллах жолунда даъватты жеткирип, бүткүл дүйнөгө рисалатын жаюу жолунда деңизге туш келишсе да экиленбей ага шуңгушат.

Хизб-ут-Тахрир–Фалестина бул жылы түрдүү иш-чаралар өткөрүүдө. «Халифалык – Аллахтын нусраты жана фатхы» урааны астындагы ушул иш-чаралар Үммөттө бир нече пикирлерди жаюуга каратылган. Бул пикирлерден маанилүүлөрү:

Халифалык – Үммөттүн куткаруучусу, шаръий фарз, колонизаторлуктан азат болуунун бирден-бир амалий жолу.

Үммөт канчалаган мусибат жана кыйынчылыктарга учурабасын, ал өзгөрүү жасоого кудуреттүү. Мунун далили үчүн тарыхта да, бүгүнкү күндө да мисалдар көп.

Халифалык – Аллахтын убадасы, Расулу ﷺдын башараты, ал Аллах Тааланын урухсаты менен, жакында тикеленет.

Колонизатор мамлекеттердин Үммөткө каршы чабуулдары күчөп жатканына себеп – алар өлкөлөрүбүздөгү өз кызыкчылыктарына жана таасирлерине коркунуч туулганын түшүнүп жетишти.

Халифалык Фалестинаны душмандан коргогон. Мусулман өлкөлөрүндөгү режимдер бул жерге каршы тил бириктирип, аны жардамсыз калтырса да, Халифалык аны кайра азат кылууга кудуреттүү.

Халифалык Исламды колдонот. Ислам бүткүл адамзатты бактысыз жашоодон, саясий жана экономикалык кризистерден куткарат. Ислам күн жана түн жетип барган жерге чейин жетип барат. Себеби, бул Аллах жана Расулунун убадасы, Аллах жана Расулу туура сүйлөйт.

Роя гезити, №228, 2019-жыл, 3-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here