Азат кылынган аймактарда өткөн демонстрацияларда режимди кулатууга, Ислам башкаруусу тикеленгенге чейин козголоңду улантууга чакырылууда
Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү Идлибдин түндүгүндөгү Атма шаарында «Козголоңубуздун убада-шертин жаңылайбыз жана режимди кулатып, Ислам башкаруусун тикелөө менен анын өзгөргүс негиздерин бекемдейбиз» деген ураан астында демонстрацияларды башташты. 2011-жылы 15-мартта башталган Шам козголоңунун сегиз жылдыгына карата өткөрүлгөн ушул демонстрациялар менен бирге азат кылынган бир нече аймактарда, алардын катарында, Идлиб, Маарратун Нуман, Хан Шайхун, Сарокиб, Банш, Сармада сыяктуу шаарларда, Саржа, Ахсим сыяктуу эки шаарчада, Хазиран, Сфухан, Куфри Увайд, Фатира жана Азмарин сыяктуу айылдарда жума намазынан кийин элдик демонстрациялар болуп өттү.
Демонстранттар козголоңдун уланып жатканын баса белгилеп, 2011-жылдагы ураандарын айтышты жана козголоң нашидаларын кайра ырдашты. Алар: «Козголоңдон баш тарткан калк урматка татыктуу эмес. Биз нусрат же өлүм деп, эч качан моюн сунбаган калкпыз», «Сегиз жыл, шейиттер заманын улантуудабыз» сыяктуу ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.