Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаяты Шам козголоңунун алгачкы ураандарын эске салып, фронтторду кайрадан ачууга чакырды
Кече жума намазынан кийин Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү фронтторду кайрадан ачуу, жырткычтык менен бомбаланып жаткан шаар жана айылдарга жардам берүү, режим азат кылынган аймактарды бомбалап жатканына сүкүт кылбоо талабы менен бир канча азат кылынган аймактарда демонстрацияларды уюштурушту. Мисалы, Алеппонун батышындагы Сахара шаарчасында чоң демонстрация уюштурулуп, калктын умтулуусун көрсөткөн ураандар айтылып жана плакаттар көрсөтүлдү. Плакаттардын биринде согушкер жамааттардын жетекчилерине мындай чакырык жолдонгон: «Тынымсыз бомбалоолордон адамдарды көчүрүү жана жолдорду ачуу көздөлгөн болсо, анда, силердин максатыңар эмне?!». Дагы айрым плакаттарда «Түркиянын өзүн коргой албаган «күзөтүү пунктуларынан» коргоо издөө акылга сыябы?! Түркиянын жана алардын жетекчилеринин вазыйпасы – келишимдерди аткаруу. Ко-ош, силер, согушкер жамааттардын, вазыйпаңар кандай?!». Башка бир плакатта Хиврон элине мындай делди: «Силерди түштүктө коопсуз калктуу конуштар менен алдашты, эми түндүктө силерди кыргын кылышууда». Идлибдин түндүгүндөгү Талли-Каромат шаарында да жума намазынан кийин өткөрүлгөн демонстрацияда бомбалоолордун тынымсыз уланышы согушкер жамааттар үчүн шерменделик экени айтылды. Плакаттарда Шам козголоңдорунун алгачкы күндөрүндөгү ураандар эске салынды: «Бул Аллах үчүн, Аллах үчүн. Аллахым, биз үчүн Сенден өзгө жардамчы жок», «Азиздигибизди кайра тикелейбиз». Идлибдин түштүгүндөгү Ариха шаарында жума намазынан кийин өткөрүлгөн демонстрациядагы плакаттарда башка азат кылынган жерлердеги кырдаалдар ачыкталды. О.э. бир плакаттарда режимди кулатуу максаты менен демөөрчү мамлекеттерди ыраазы кылуу максаты таптакыр аралашпай турган жана бири-бирине карама-каршы максаттар экени айтылды. Дагы бир плакатта «Өлгөндөрдүн наристелери Аллахка Түркия үчүн арызданышууда: бул мамлекет биздин кыргынга учурообузга Инжирлик базасы жана күзөтүү пунктулары аркылуу шерик болууда», делди. Башка бир плакатта болсо «Жариназ шаары тынымсыз бомбаланып, ал зар какшап эр жүрөк мужахиддерден жардам суроодо», деген кайрылуу жолдонду.
Роя гезити, №225, 2019–жыл, 13–март.