Иорданияда Хизб-ут-Тахрирдин эки мүчөсү камакка алынды
Иорданиянын коопсуздук кызматы Исламга жана Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө каршы кампаниясын дале улантууда.
2019-жылы 21-январда түн жамынып коопсуздук кызматы Махмуд Жарадатты кармап, белгисиз тарапка алып кетишти.
Андан сырткары коопсуздук кызматы дагы бир жырткыч ишке барып, мечиттин ыйыктыгын тебелеп, мечитте багымдат намазын күтүп олтурган Хизб-ут-Тахрир мүчөсү доктор Мухаммад Абу ал-Хайжды камакка алышты. Алар Аллахтын үйүнө эч кандай урмат көрсөтпөстөн, бут кийимдери менен мечитке кирип аны колго алышты. Алардан багымдат намазы бүткөнгө чейин күтүп турууну суранганда, алар макул болбостон Мухаммад Абу ал-Хайжга күч колдонушту. Ал эми, калган намазкөйлөр нааразылык билдире баштаганда, коопсуздук кызматынын бир өкүлү мечит ичинде куралын көрсөтүп, мындай зомбулук жолу менен камакка алууга ким каршы деп опузалады.
Шек-күмөнсүз, бул жырткыч ыкмалар рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону жандантуу аракеттерин токтотуунун ийгиликсиз, ыплас урунуу болуп эсептелет. Хизб-ут-Тахрир мусулман өлкөлөрүндө жана бүткүл дүйнөдө Халифалыкты тикелөө аракетин алып барууда. Батыштын колонизатор күчтөрүнө таянган Иорданиядагы жана башка мусулман өлкөлөрүндөгү коопсуздук кызматы бул кампанияны катаалдаткан сайын Халифалык улам жакындашып келе жатканына ынануудабыз. Бул биздин алга умтулуубузду жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Ислам мамлекетин тикелөөгө багытталган саясий жана пикирий күрөшүбүздү бекемдейт. Аллах Таала айтат:
«Кимде-ким Аллахты, Анын пайгамбарын жана момундарды дос тутса (нажат табат), анткени Аллахтын хизби гана жеңүүчүлөр» [5:56]
Роя гезити, 2019-жыл, 30-январь.