«Уйгур мусулмандарына каршы этностук тазалоо» аталышындагы семинар

350
0

«Уйгур мусулмандарына каршы этностук тазалоо» аталышындагы семинар

2019-жылы 3-февралда Нидерланддагы Хизб-ут-Тахрир Чыгыш Түркстандагы уйгурларды коргоп «Уйгур мусулмандарына каршы этностук тазалоо» деген аталышта семинар уюштурду.

Кытай режими Чыгыш Түркстанда мурун болуп көрбөгөн тазалоо иштерин алып барып, эркек-аялына, жаш-карысына карабастан, бардык уйгурларды кыйноого алууда. Кытай бийлигинин уйгурларга каршы жырткычтыгы Сербиянын Босния жана Герцеговина мусулмандарына о.э. Мьянманын рохинжа мусулмандарына каршы кылмыштарын эске салат. Семинар Кытай режиминин өкүмдарлыгы астындагы уйгурлардын азап-кыйынчылыктарын ачыктоого багышталган. Ошол эле учурда, бул кылмыштардын тушунда маалымат каражаттары бүткүл дүйнө боюнча сүкүт сакташууда, бул болсо Кытай бийлигин өз кылмыштарын эч бир тоскоолдуксуз аткарышына үндөп жатат.

Семинар Куръан тилаваты менен башталды. Андан кийин уйгур тегине таандык коомдук активист жана жазуучу Абдулгани Сабит сөз сүйлөдү, ал оболу Чыгыш Түркстан, анын жайгашкан орду жана Кытай үчүн канчалык маанилүүлүгү жөнүндө айтты. Абдулгани Сабит Чыгыш Түркстан Кытай территориясынын алтыдан бир бөлүгүн ээлейт, анын калкы 13 миллионго жетет деп баса белгиледи. Андан соң ал уйгурлардын азап-кыйынчылыктарын, Кытай бийлиги аларды чочконун этин жегенге, арак ичкенге жана Рамазан айында орозону бузууга кантип мажбурлап жатканын о.э. уйгурларды лагерлерге камап, кантип ар түркүн кыйноолорго салып жатканын айтты. Абдулгани сөзүн жыйынтыктап мындай деди: «Биз мусулманбыз, биз – Ислам Умматынын бир бөлүгүбүз. Чыгыш Түркстанда болуп жаткан нерселер Фалестинада, Сирияда жана башка мусулман өлкөлөрүндө болуп жаткан окуяларга окшойт. Биз – бир Умматбыз, жана мусулмандар уйгур барадарлары менен бирге турушу керек».

Андан кийин сөзгө Мухаммад Ясин чыкты, ал чогулгандарга Чыгыш Түркстандагы өз бурадарларына жардам берүү милдеттүү экенин эске салды. О.э. ал мусулмандар бир дене сыяктуу экенин, эгер анын бир мүчөсү ооруса, анда бүткүл дене уктабастан ысытмалап чыгарын, мусулман мусулманга бурадар экенин, аны кысымга албашын жана жардамсыз таштап койбошун айтты. Мухаммад Ясин Чыгыш Түркстанда болуп жаткан окуяларга сүкүт сактоо – бул мусулмандарга каршы кылмыш жасоого барабар экенин кошумчалады.

Нидерланддагы Хизб-ут-Тахрирдин маалыматтык өкүлү доктор Окай Пала жыйынтыктоочу сөздү айтты. Ал уйгурлардын азап-кыйынчылыктары, уйгурларды жада калса өз үйүндө өз тилинде сүйлөшүүгө тыюу салган Кытай бийлигинин кылмыштары жөнүндө кеңири сүйлөдү. Окай Паланын айтымында, Кытай бийлиги миллиондогон тыңчыларды уйгурлардын үйлөрүнө жайлаштырган, эгер алар Ислам тууралуу бир гана сөздү уга турган болушса, анда коопсуздук кызматынын адамдары заматта үй ээлерин – балдары жалгыз калса да – кармап камакка алышат.

Доктор Окай Пала баса белгилегендей, «мусулман акимдерин» Чыгыш Түркстанда болуп жаткан окуялар кызыктырбайт, ал эми, алардын Кытай менен болгон мамилелери – Кытайдын мусулмандарга каршы кылмыштарына карабастан – мурункудай эле бекемделип барууда. Бул акимдер Кытай бийлигинин кысымын токтотуу үчүн көптөгөн нерселерди кыла алат, мисалы, экономикалык мамилелерди үзө алат, себеби Кытайдан сатып алуулардын көлөмү миллиарддарга жетет. Окай Пала сөзүн жыйынтыктап, Умматты адилеттүү халифа башкарса гана уйгурлардын жана башка мусулман калктарынын проблемасы чечилерин айтты.

Роя гезити, 2019-жыл, 13-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here