Венесуэлада эмне болуп жатат?

392
0

Венесуэлада эмне болуп жатат? Анын бизге кандай тиешеси бар? Болуп жаткан окуялар менен Американын байланышы кандай?

Асад Мансур

2019-жылы 23-январда Венесуэла парламентинин спикери Хуан Гуайдо өз тарапкерлери алдында өзүн өлкөнүн убактылуу башчысы деп жарыялады. Бирок, аскерийлер муну төңкөрүш о.э. конституцияга жана демократия институттарына каршы чыгуу деп баалашты. Алар президент Николас Мадурону колдой тургандыктарын билдиришти. Жогорку сот да аскерийлердин жолун ээрчиди.

Ошол эле учурда, бул маселедеги Американын позициясын Дональд Трамп ачыктады. Ал Гуайдону Венесуэланын президенти деп тааныды жана мамкатчы Майк Помпеодон Гуайдону коргоону жана Венесуэла иштери боюнча атайын өкүлдү дайындоону талап кылды. О.э. БУУнун Коопсуздук Кеңешине Венесуэлага каршы резолюцияны кабыл алуу сунушталды, бирок Россия жана Кытай анын кабыл алынышына жол беришпеди. Россия менен Кытай мындай иш-аракеттерди мыйзамдуу бийликке кол салуу жана тыштан кийлигишүү деп билдиришти. Өз кезегинде, Мадуро Венесуэла АКШ менен дипломатиялык мамилелерди үзөрүн жарыялады.

Ал эми, бул региондогу мамлекеттердин позициясына келсек, алардын он бири Гуайдону колдошкон болсо, Америка өлкөлөрүнүн уюму (АӨУ) жана Англия аны жаңы кызматы менен куттукташты. Евросоюз сегиз күндүн ичинде жаңы шайлоо өткөрүлбөсө Гуайдону мыйзамдуу президент катары тааныймын деп эскертти. БУУнун өзүнө келсек, ал кырдаал начарлап бара жатат жана көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн деп эскертти, ошондуктан курчуган абалды басаңдатуу үчүн тезинен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакырды.

Ички талаш-тартышуулар жана тыштан, өзгөчө Америка тарабынан кийлигишүү Венесуэлада башаламандыкты жаратты. Америка Венесуэла нефтисинин үлкөн 39%ын импорт кылат, эгер Венесуэла нефтисинин экспортуна каршы санкциялар колдонулса, мунун акыбети Венесуэла үчүн өтө кырсыктуу болот. Бирок, бул нерсе Америкага да таасир кылат, себеби нефтинин баасы жогорулайт. Муну эсепке ала турган болсок, Америка мындай кадамга барышы ыктымалдан алыс. Ага карабастан, баары бир айрым санкциялар, мисалы Венесуэла алтынына каршы санкциялар колдонулду. Венесуэла экономикасынын 90%ы нефть сатуудан түшкөн кирешеге таянат. Ошондуктан, бир баррель нефтинин баасы 100 доллар болгон кезде Венесуэла жакшы жашады, бирок нефтинин баасы түшүп кеткенде инфляциянын көлөмү 147000%га өстү.

Товарлардын баасы абдан жогорулады, ошондуктан оппозиция парламенттик шайлоолордо парламенттин 65% орунун ээледи. Бул нерсе өкүмдар партияны туңгуюкка кептеди. БУУнун отчётуна ылайык, жаралган кырдаалдан улам 3 миллиондон ашуун венесуэлалыктар өлкөдөн чыгып кетишкен. Венесуэланын экономикасы абдан назик абалда жана Америка өкүмдалыгы астында турат.

Мадурого келсек, ал 2013-жылы Уго Чавес көз жумгандан кийин бийликке келди жана 2018-жылы кайрадан шайланды, ошол эле учурда Америка аны шайлоону бурмалады деп айыптап келет. 2018-жылы 20-майда Мадурого кол салынып, аскерий төңкөрүш жасоо аракети болду. Мадуро президент болгон соң Америка өкүмдарлыгынан чыгуу же эч болбосо бул өкүмдарлыкты күчсүздөнтүү үчүн Уго Чавестин саясатын улантты. Аны менен бирге, Мадуро бүткүл Латын Америкасы АКШнын таасири астында турганын түшүнгөн. Өз учурунда, 2002-жылы Уго Чавеске каршы ийгиликсиз төңкөрүш жасалганда, ал бийлигин сактап кала алган. Ал эми, Гаити президенти Жан-Бертран Аристид 2004-жылы кулатылды.

Ошентип, АКШ бул регионду өз таасири астында кармап туруу үчүн Латын Америкасында өзүнүн төңкөрүш жасоо саясатын алып барат о.э. ал ушул өлкөлөргө аскерий жактан түздөн-түз кийлигишет. Өз кезегинде Америка Мексиканын бир бөлүгүн басып алып, өзүнө кошуп алган. АКШ 1823-жылы кабыл алынган Монро доктринасы доорунан бери Латын Америкасын өзүнүн таасири астындагы регион катары карап келет. Демек, Латын Америкасындагы саясий оюндар жалаң гана Америка тарабынан болуп келди, ошондуктан бул региондун калктары Американы жек көрүшөт.

Мына ошон үчүн Америка Обама доорунда Венесуэла жана Куба менен мамилелерди жолго коюп, бул калктар менен жарашууга жана өзүнүн кадыр-баркын көтөрүүгө урунду. Өз учурунда АКШнын мурунку вице-президенти Жо Байден 2009-жылы 28-мартта Чилиге сапар жасаганда мындай деген: «АКШ буйрук берген доор бүттү, эми ал Латын Америкасы менен диалог өткөрүүнү жана кызматташууну каалайт». Америка эки Америка континенти ортосунда эркин соода аймагын түзүү жөнүндө келишим түзүүнү көздөгөн. Майамиде өткөрүлгөн (АӨУ калкасы астында уюштурулган, Америка мамлекеттеринин жана өкмөттөрүнүн башчылары жолугушкан) Эки Америка саммитинде эркин соода аймагы жөнүндө келишим түзүлөт деп күтүлгөн, бирок бул аракет ийгиликке жеткен жок. Ошол күнү Уго Чавес бул саммит колонизаторлуктун куралы деп, Америка региондогу мамлекеттерди эркин соода келишимин түзүүгө мажбурлап жатат деп айыптаган. Саммит ийгиликсиз бүткөн жана эки Америка континенттери ортосундагы мамиле тоңдурулган. Ошентип АКШ Латын Америкасынын өлкөлөрүн мындай келишим түзүүгө дагы бир ирет ынандыра албады. Ошондуктан, 2005-жылы Аргентинада Эки Америка саммити уюштурулду. Бирок, ал да ийгиликсиз болду.

Америка эркин соода аймагын түзүүдөн көздөгөн себептеринин бири – эркин соода келишимин жүйөлөп бул региондун байлыгын талап-тоноо жана өзүнүн товарларына базар ачуу. Бул сыяктуу чаралар регионду жакыр жана көзөмөлдө кармап турууга мүмкүнчүлүк берет. Мексика менен ушундай болду, ал бүгүнкү күнгө чейин колонизаторлуктун чеңгелинен чыга албады. Обама жетекчилиги «тең өнөктөш мамилелер» деген аталышта өз мамилесин өзгөртүүгө урунду. Бүгүн, бийликке Трамп келип Американын колонизаторлук саясатын айкын жана кескин түрдө мажбурлап тыгыштыруу үчүн өзүнүн жырткыч ыкмаларын ишке сала баштады. Ал ар кандай мамлекетке кийлигишип жатат, ал мамлекеттердин башчыларын, ал тургай, алар Мексика, Саудия, Түркия башчылары сыяктуу Американы ээрчип жаткан жетекчилер болсо да кемсинтүүдө. Ошондуктан, ал Мадурого согуш жарыялады.

Мадуро Америкага каршы эмес, колонизаторлукка каршы чыгып жатканын, Америка калкы менен эмес, Трамп жетекчилиги менен мамилени үзгөнүн  билдирди. Ал Америкага картөшкө, май, пияз, тоок сатууга даяр экенин айтты. 2019-жылы 10-январда Мадуро президенттик антты бергенден кийин мындай деди: «Бир өлкөдө же өлкөлөрдө колонизатор режимдердин өкүмдарлыгы четке кагылган жаңы дүйнө пайда болду». Бүгүн Мадуронун ахвалы опурталдуу, себеби аны армия колдоп жатканына карабастан, ал өлкө ичинде жана тышында басым астында калган. Россия менен Кытайдын колдоосуна келсек, алардын колдоосу Венесуэланын ичинде таасирге ээ эмес, себеби ал жакта Американын таасири күчтүү. Азыр Америка аскерий кийлигишүү менен коркутууда, Трамп айтты: «Бардык варианттар – стол үстүндө». Европа мамлекеттерине келсек, алардын Венесуэлада таасири жок, бирок алар колонизатор мамлекеттер болгондуктан сегиз күн ичинде жаңы шайлоолор өткөрүлбөсө Гуайдону колдорун билдиришти.

Мадуро оппозиция жана Америка менен сүйлөшүүгө даяр, себеби ал Американын кубатын түшүнүп турат. Ошондуктан, жаңы президенттик шайлоо өткөрүлүшү да мүмкүн.

Венесуэла жана Латын Америкасынын бизге тиешеси бар, алар да жакырчылыкта, бактысыздыкта, адашууда жашашат жана артта калышкан. Анын себеби – Америка колонизаторлугу. Ооба, Латын Америкасынын калктары бул колонизаторлуктан азат болууга умтулушууда, бирок аракеттери оңунан чыкпай жатат, себеби алардын режимдери залим жана коррупциялашкан, андан тышкары аларда куткаруучу идея жок. Биз, адамдар үчүн чыарылган эң жакшы Уммат катары бул калктарды (о.э. бүткүл адамзатты) колонизаторлуктан жана өкүмдарлыктан азат кылуубуз керек. Бүткүл дүйнө элдери жаман көргөн Американын өкүмдарлыгын кулатуунун убагы келди. Бул бир гана биздин колубуздан келет, анткени биз таза идеологияга ээбиз. Биз адамдарды куфр караңгылыгынан ыйман нуруна жана Ислам адилетине алып чыгуу үчүн экинчи рошид Халифалыкты тикелөөгө шашылуубуз керек.

Роя гезити, 2019-жыл, 30-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here