Ташкентте кезектеги эл аралык конференция болуп өтөт
19-20-февраль күндөрү Ташкентте “Борбор Азияда өз ара кызматташтык: коркунучтар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” деген аталыштагы эл аралык конференция болуп өтөт. Бул тууралуу Өзбекстан Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Конференцияга Афганистан, АКШ,Бельгия, Британия, Дания, Иран, Германия, Грузия, Индия, (Израиль), Испания, Италия, Казакстан, Канада, Мисир, Кытай, Кувейт, Азербайжан, Кыргызстан, Латвия, Малайзия, Нидерландия, Пакистан, Польша, Россия, Саудия, Тайланд, Түркия, Венгрия, Украина, Өзбекстан, Финляндия, Франция, Швеция жана Япониянын изилдөө борборлорунун 100 дөн ашуун өкүлдөрү чакырылган. Алар аймактык кызматташтыктын учурдагы абалын жана коопсуздук, соода, транспорт, суудан пайдалануу, илим жана билим берүү тамактарында алакаларды бекемдөө маселелерин талкуулашат.
Иш-чарага Европа Союзу, Америка мамлекеттер уюму, Арктика консультациялык кеңеши аймактык түзүлүштөрү о.э. Дүйнөлүк банк, Дүйнөлүк соода уюму, Европа инвестициялык банкынын жана башка эл аралык каржы институттарынын өкүлдөрү катышат.