Мусулмандардын азап-кыйынчылыктары Роббинин шариятын тикелемейин токтобойт

341
0

Мусулмандардын азап-кыйынчылыктары Роббинин шариятын тикелемейин токтобойт

Хижрий 1440-жылы 9-жумадул-аввал, миладий 2019-жылы 15-январь күнү «Нахар» сайты ушул кабарды жарыялады:

«ЮНИСЕФ Сирияда качкын балдардын 15 чактысы (алардын көпчүлүгү ымыркайлар) ызгар сууктан жана медициналык жардамдын жоктугунан улам набыт болгонун маалымдады.

Бул балдардын өлүмү Сириянын түштүк-чыгышындагы Иордания менен чектешкен Рукбан лагеринде жүз берген. Белгилүү болгондой, бул лагерь башка лагерлер катары гуманитардык жардамга абдан муктаж. О.э. өлкөнүн чыгышында ИШИМ уюму көзөмөлдөгөн аймактан качып бара жатып оор кыйынчылыктан улам көз жумган башка балдар да бар».

Роя гезити:

Мусулмандар ушуну билип алышы керек, алардын ушунча азап-кыйынчылыктарына Халифалыктын кулатылганы жана Расулуллах ﷺ «Халифа – калкан, анын артында туруп согуш кылынат жана аны менен коргонулат» деп сыпаттаган жетекчисинин жоктугу себеп. Кафир Батыш кылмышкер Мустафа Кемалдын колу менен Ислам мамлекетин кулаткандан бери мусулмандар мусибат жана кыйынчылыктарга тынымсыз кабылып, алар карышкырлардын астында чабансыз калган козуларга окшоп калды. Роббиси менен кубаттуу болгон мусулмандар алсыз ахвалга түштү. Душмандардын нафсисине жем болуп, бир бүтүн дене болгон мусулмандар бөлүнүп-чачылды, алар бир нече кылым бүткүл дүйнөнүн кожоюндары болушкан, эми бүгүн кулдарга айланышты. Андыктан, мусулмандар Расулуллах ﷺ башарат кылган Халифалык мамлекетин тикелешпесе, алардын азап-кыйынчылыктары токтобойт. Бул жаатта мусулмандар сахабалар тарткан азап-кыйынчылыктардан ибрат алышы жана алардын бул азап-кыйынчылыктан чыгуу тарикатына ээрчүүсү зарыл. Расулуллах ﷺ мусулмандардын өлтүрүлүшү, кыйноого салынышы, азап-кыйынчылыктарга тутулушу жана капчыгайда курчоого алынышы, Хабашстанга хижрат кылуу сыяктуу бардык азап-кыйынчылыктарына Ислам мамлекетин тикелөө менен чекит койгон. Андыктан, мусулмандар Расулуллах ﷺдын жолун жолдоп, экинчи Ислам мамлекетин тикелөө аркылуу Роббинин шариятын колдонуп, өзүлөрүнүн азап-кыйынчылыктарына чекит коюшабы?!

Роя гезити, №218, 2018-жыл, 23-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here