Колонизатор мамлекет менен аскерий жана коопсуздук келишимин түзүүш шаръий түрдө харам

476
0

Колонизатор мамлекет менен аскерий жана коопсуздук келишимин түзүүш шаръий түрдө харам

«Халиж онлайн» сайты хижрий 1440-жылы 7-жумадул-аввал, миладий 2019-жылы 13-январда жарыялаган кабарда мындай делет:

«Жекшемби күнү Катар тышкы иштер министри Мухаммад ибн Абдуррахман ал-Тани анын мамлекети менен АКШ «аскерий аракетти колдоо» жана борбор Доханын түштүк батышындагы АКШнын Удайд базасын кеңейтүү боюнча меморандумга кол коюшканын маалымдады.

Катар тышкы иштер министри бул кабарды америкалык кесиптеши Майк Помпео менен Дохада өткөргөн басма сөз конференциясында айтты. Мухаммад ибн Абдуррахман баса белгилешинче, Удайд базасы боюнча кол коюлган атайын меморандумдан тышкары, эки мамлекет таалим жана маданият тармагында эки келишимге кол коюшкан.

Өз кезегинде, Помпео: «Катар мамлекети 13 миң америкалык аскерге баанек берүүдө, биз жекшемби күнү Удайд базабызды дагы кеңейтүү жөнүндө Доха менен келишим түздүк жана биз мындай кызматташууга ыраазыбыз», – деди.

АКШ өзүнүн Жакынкы Чыгыштагы эң ири аскерий базасынан ИШИМ уюмуна каршы күрөштө пайдаланат.

Доха 2018-жылы январда АКШ деңиз флотуна жай берүү менен бирге, Удайд базасын туруктуу база катары кеңейтүүгө чечим кылганын маалымдаган».

Роя гезити:

Кафир мамлекеттер, өзгөчө, АКШ менен аскерий жана коопсуздук боюнча келишимдерди түзүү шаръий түрдө харам. Анткени, бул нерсе кафирлердин мусулмандарга жана алардын өлкөлөрүнө өкүмдар кылуусун түшүндүрөт. Аллах Таала айтат:

وَلَن يَجْعَلَ اللّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً

«Аллах момундар үстүнөн кафирлерге эч качан жол бербейт»  [4:141]

Бул нерсе кафирлерге мусулмандарды өлтүрүүсүнө жардам берүүнү да өз ичине алат. Аллах Таала айтат:

وَتَعَاوَنُواْ عَلَى الْبرِّ وَالتَّقْوَى وَلاَ تَعَاوَنُواْ عَلَى الإِثْمِ وَالْعُدْوَانِ وَاتَّقُواْ اللّهَ إِنَّ اللّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ

«Жакшылык жана таква жолдо көмөктөш болгула, күнөө жана чектен ашуу жолунда көмөктөш болбогула!»     [5:2]

Бул – күнөө жолунда жардам берүүнүн жамандыгы. Андыктан, кафирлерге мусулмандарды өлтүрүшүнө жана өлкөлөрүн басып алуусуна жардам берүүнүн жамандыгы кандай болушу мүмкүн?! Андыктан, бул келишимдерди бекер кылууга о.э. АКШ жана чет мамлекеттердин өлкөбүздөгү аскерий базасына чекит коюуга аракет кылуу шаръий түрдө фарз. Эгер, биз ушуга чечим кылсак, душмандарыбызды жеңүүбүзгө Аллах Өзү жетиштүү. Аллах Таала айтат:

وَمَن يَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ فَهُوَ حَسْبُهُ

«Ким Аллахка тобокел кылса, Өзү ага жетээрлик» [65:3]

Роя гезити, №218, 2018-жыл, 23-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here