Айдарбеков: Бишкек менен Пекиндин мамилеси бузулбайт

383
0

Айдарбеков: Бишкек менен Пекиндин мамилеси бузулбайт

 Кыргызстанда кытайлык мыйзамсыз мигранттарга каршы маанай Бишкек менен Пекиндин алакасына зыянын тийгизбейт. Бул тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 4-февралда Бишкекте болуп өткөн маалымат жыйынында ушул тууралуу берилген суроого жооп берип жатып билдирди.

 Министр Кытай Кыргызстанга дайыма жардам берип келгенин, коңшу өлкөнүн көмөгүн Бишкек жакшы баалай турганын билдирди. Ал Кытайга каршы маанай чагымчыл күчтөр тарабынан уюштурулганын, жеке мүнөзгө ээ экенин белгилеп, эки өлкөнүн мамилесине таасир тийгизбей турганын белгиледи.

 Ал: Кытай – бул дүйнөдөгү ири экономиканын бири. Кытай – биздин ак ниет кошунабыз. Кытай бул – чоң товар айлануу, Кытай – бул кыргыз экономикасы үчүн чоң инвестиция. Кытай – бул ири инфраструктуралык биргелешкен долбоорлор. Мунун баары туруктуу өнүгүүгө, жумуш орундарын түзүүгө багытталган. Андыктан чагымга алдырбаш керек. Кыргызстан менен Кытайдын мамилеси динамикалуу өнүгүп жатат”, – деди.

 Туркистон:

Кыргызстандын каржы министрлигинин 2018-жыл, 31-июлдагы маалыматына ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 415 миллион долларга жеткен. Кыргызстандын эң көп карызы Кытайдын Экспорт-импорт банкынан болуп, ал карыз 1 миллиард 700 миллион доллардан ашат.

Маалым болгондой, Кытай өкмөтү башка мамлекеттерге берген карыздарын акчалай эмес, тескерисинче жер жана кен байлыктар көрүнүшүндө кайтарып алууга кызыкдар. Тажикстан да Кытайдан алган карызын төлөй албай калганы себептүү Тоолуу Бадахшандагы кен байлыктарга мол жеринин бир бөлүгүн Кытайга берүүгө мажбур болду. Кыргызстан да 2024-жылдан баштап Кытайга карызын төлөй башташы керек. А бирок, Кыргызстандын бүгүнкү экономикалык абалы жана бюджеттеги тартыштык карызды төлөө оор болушуна ишара кылып турат. Ошол себептен да, Кыргызстан бийлиги Кытай компанияларына өлкөдөгү кендерден пайдалануу укугун берип, ушул жол аркылуу карызды жеңилдетүүгө аракет кылууда.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, башка мамлекет менен биргеликте түзүлгөн ишканалардагы жумушчулардын 20 пайызы чет өлкөлүктөр, калган 80 пайызы жергиликтүү жумушчулар болушу керек. А бирок, иш жүзүндө мунун тескериси болуп, Кытай менен биргеликте ачылган ишканалардагы жумушчулардын көпчүлүгү кытайлыктар болууда. Кыргызстан өкмөтү Кытай инвесторлору менен жумушчуларына кеңири укук жана мүмкүнчүлүктөрдү бериши себептүү, кытайлык жумушчулар жергиликтүү элге басымдарды өткөрүп, алар менен түзүлгөн келишимдерди аткарбастан, жергиликтүү элди кул катары пайдалануу жолуна өтүп алды. Ал тургай, кытайлык бир инвестор өз ишканасындагы жергиликтүү кыргыз жумушчуну түштөнүү учурунда тик туруп тамак ичүүгө мажбурлап, ага карата күч колдонду. Бишкектеги ресторандардын биринде кытайлык жаранды туура эмес аракеттери себептүү эскерткен кыргыз аялдарды акаарат кылып, “мен депутатка звонок кылам” деп коркутту.

 Кытайга каршы маанай  – расмий өкмөт айтып жаткандай – “үчүнчү күчтөр” тарабынан эмес, тескерисинче, эл Кытай баскыны акырындык менен болсо да ишке ашып жатканын сезиши себептүү пайда болду жана “Кытай баскынчылыгына каршыбыз” деп аталганакция элден массалык колдоо тапты. Бул болсо, өз кезегинде расмий бийликке олуттуу проблемаларды жарата баштады. Себеби, Кыргызстандын экономикасы негизинен тышкарыдан келген каражатка, айрыкча, Россияда иштеп жаткан мигранттар жөнөтүп жаткан акчаларга жана Кытай сыяктуу мамлекеттерден алынуучу кредит жана жардамдарга көзкаранды болуп калган. Ошол себептен да бийлик элдин пикирин өзгөртүүгө жана Кытай менен алаканы бекемдөөгө аракет кылууда.

 Негизи, баскынчылыкка каршы күрөш, экономикалык кызыкчылыктарга каршы күрөш эмес, тескерисинче, бул – Кыргызстандын экономикалык алсыздыгынан пайдаланып, экономикалык кызыкчылыктарды курал кылып алып, мамлекетти карызга батыруу жолу менен басып алууну көздөп кирип келе жаткан Кытай агрессиясына каршы пикирий күрөш!

Абдурахман

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here