АКШ Афганистандан аскерлерин алып чыгуу маселесинде “Талибан” менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө

555
0

АКШ Афганистандан аскерлерин алып чыгуу маселесинде Талибан” менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө

АКШ менен “Талибан” кыймылы келишүүгө жакындап калышты. Бул тууралуу “Интерфакс” кабарлады.

“New York Times” басылмасынын кабарына таянсак, аталган келишимге ылайык, талиптердин өлкө аймагына “Ал-Каида” сыяктуу уюмдарды киргизбестик убадасы себептүү АКШ аскерлери Афганистандан чыгарылышы мүмкүн.

Катардын борбору Доха шаарында АКШ мамлекеттик департаментинин Афганистан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад менен “Талибан”дын өкүлдөрү ортосунда Доха шаарында өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү күнү келишимге кол коюу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Талиптер “Талибан” ды негиздөөчүлөрдүн бири болгон Абдул Гани Барадарга сүйлөшүүлөрдөгү саясий топту жетектөө жана ал боюнча чечим кабыл алуу милдетин жүктөгөн.

Келишимдин калган пункттары боюнча, анын ичинде, Афганистандан чыгарыла турган аскерлердин саны жана мөөнөтү боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканы айтылууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here